2024-02-01


Чуңкурчак өрөөнүнө окуу-практикалык экскурсия уюштурулду. 31-январь 2024-жыл


STJ-194 Кыргызстан боюнча окуу туру I жана TUO-102 Саякат иши (Курстук иш, Кесиптик колледж) курстарын ишке ашыруунун алкагында Чуңкурчак өрөөнүнө, "Чуңкурчак" тоо-лыжа базасына жана "Супара-Чуңкурчак" этнокомлексине 2024-жылдын 31-январында шаршемби күнү, саат 08.45тен 17.30га чейин  билим берүүчү экскурсиялык саякат уюштурулду. Практикалык билим алуу жагынан маанилүү болгон бул экскурсияга 49 студент катышып, уюштуруу иштерин мугалимдерибиз доц,, док. Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ жана доц.м,а., докт. Туран ОКУЛ жүргүзүштү.