2024-03-12


Жаздын алгачкы аптасында "Кыргызстан боюнча окуу туру I" жана "Саякат иши (Курстук иш)" сабактарынын алкагында Аламүдүн капчыгайына окуу-практикалык талаа экскурсиясы уюштурулду. 6-март 2024-жыл


Шаршемби күнү, 2024-жылдын 6-мартында, доц. др. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилиги алдында бөлүмүбүздүн жана университеттин кесиптик жогорку мектебинин “Туризм жана мейманканаларды иштетүү” программасы боюнча окуган 1-курстун студенттери үчүн Аламүдүн капчыгайына окуу-практикалык талаа экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсиянын алкагында студенттер Аламүдүн өрөөнүндөгү "Jannat Resort" мейманканасы, "12 каминов" рестораны жана "Теплые ключи" профилакторий эс алуу жайы сыяктуу туристтик объектилер менен кыскача таанышкандан кийин Аламүдүн капчыгайында бир треккинг маршруту боюнча жөө жүрүш кылышты. Жөө жүрүштүн соңунда студенттер 4 командага бөлүнүп, тоо шартында чатырларды тез жана сапаттуу тиккенди үйрөнүштү. Экскурсияга жалпы 45 студент активдүү катышышты.