2024-03-18


ДААД стипендиялары боюнча маалыматтык семинар. 14-март, 2024-ж.


Кафедрабыз 14-март бейшемби күнү саат 15.00-16.00 аралыгында DAAD (Германиянын Академиялык алмашуу кызматы) стипендиялары жана Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жалпы факультет үчүн маалыматтык семинар өткөрдү. Бөлүмүбүздүн ага окутуучусу Анипа Сулайманкулова тарабынан уюштурулган бул иш-чарага DAADдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Виктор Цой баяндамачы катары жана кафедра башчысы доц., др. Бакыт Турдумамбетов жана факультетибиздин 2, 3 жана 4-курстарынын студенттери угарман катары катышышты.