2024-03-18


Cтуденттерибиз виртуалдык реалдуулук технологиясын колдонууну үйрөнүштү. 15-март 2024-ж.


Бөлүмүбүздүн мугалими доц.м.а., др. Туран Окул студенттерибизди жаңы технологиялар менен тааныштыруу максатында 15.03.2024-жылы Бируни VR лабораториясында колдонмо-практикалык сабак өткөздү. Туризм факультетинин жана кесиптик лицейдин студенттери катышкан бул сабакта 50 студент виртуалдык реалдуулук технологиясын башынан өткөрүштү. Студенттер бул колдонмо абдан жаккандыгын жана канааттанганын айтышты. Инженердик факультетине жана VR лабораториясын колдонууга жардам берген кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз.