2024-04-21


Ала-Арчада айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасы (17-апрель, 2024-жыл)


Үстүбүздөгү 2024-жылдын 17-апрель шаршемби күнү бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттеринин коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында бөлүмүбүздүн 28 студенти жана университеттин кесиптик жогорку мектебинин “Туризм жана мейманканаларды иштетүү” программасы боюнча окуган 1-курстун 15 студенти менен биргеликте Бишкектен 35 км аралыкта орун алган Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында таштандылар чогултулду. Тилекке каршы парктагы былтыркы туристтик сезондон калган таштандылар көзгө урунарлык экен. Мындай абал Ала-Арча жаратылыш паркы Бишкекке жакын жайгашкан эң популярдуу туристтик объект экендигинен болууда. Бул акциянын натыйжасында ага катышкан жаштарыбыздын экологиялык аң-сезими калыптанды жана албетте жаратылышыбызга аз да болсо экологиялык пайда келтирилди деп үмүттөнөбүз. Иш-чара "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов тарабынан уюштурулду.