2024-04-21


"Кыргызстан боюнча окуу туру I" жана "Саякат иши (Курстук иш)" сабактарынын алкагында Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына окуу-практикалык талаа экскурсиясы уюштурулду. 17-апрель 2024-жыл


Өткөн жуманын шаршемби күнү, 2024-жылдын 17-апрелинде, доц. др. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилиги алдында бөлүмүбүздүн жана университеттин кесиптик жогорку мектебинин “Туризм жана мейманканаларды иштетүү” программасы боюнча окуган 1-курстун студенттери үчүн Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына окуу-практикалык талаа экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсиянын алкагында студенттер Ала-Арча паркында орун алган Ак-Сай капчыгайын бойлой, шаркыратмага чейинки треккинг маршруту боюнча жөө жүрүш кылышты. Жөө жүрүштүн соңунда кайберендерди көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Экскурсияга жалпы 43 студент катышып, алардын ичинен 24 студент шаркыратмага чейин жетишип, көңүлдүү кайтып келишти.