2024-05-07


Ош - Жалал-Абад облусуна окуу-практикалык сапар ийгиликтүү аяктады.


Факультетибиздин "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери үчүн окуу-практикалык сапарга факультетибиздин окутуучулары Уланбек Алимов жана Туран Окул жетекчилик кылышты. 2024-жылдын 1-6-май күндөрү болгон сапардын алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарына жана Өзгөн сыяктуу тарыхый жана маданий жактан маанилүү шаарларга саякат уюштурулду. Абшыр-Ата шаркыратмасы, Өзгөн мунарасы, Имам Сехрани күмбөзү, Сулайман тоосу жана музейи, Сары-Челек көлү жана Арсланбоб айылы бул саякаттын эң кызыктуу жерлери болуп, ошого байланыштуу студенттер саякаттын абдан жемиштүү болгонун, ал эми мугалимдер сапардын максатына жеткенин белгилешти.