2024-11-11
Бөлүмүбүздүн 2024-2025-окуу жылындагы иш-чараларынын алкагында 3-курсунун студенттери үчүн Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына экскурсия уюштурулду. Экскурсияны бөлүмдүн ага окутуучусу Анипа Сулайманкулова өзү кураторлук кылган 3-курстун активдүү студенттери менен биргеликте 1-ноябрь жума күнү уюштурду.