2024-11-28
"Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, э.и.к., доц. Бакыт Турдумамбетов 21-25-ноябрь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөрүлгөн «Жибек жолундагы туризм – 2024» эл аралык жарманкесин зыярат кылып, андан соң Самарканд шаарында Кыргызстан жана Таджикистандын туристтик ишканалары үчүн уюштурулган Road Show алкагында Жибек Жолу туризмин өнүктүрүү боюнча атайын кесиптик тренинг/семинарларга катышып келди. Ошондой эле сапар алкагында "Самарканд экономика жана сервис институтунун" Туризм кафедрасы менен кызматташтык байланыштар түзүлдү.