2024-11-28


«Саякат иши жана гид кызматы» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсүнүн ийгилик сырлары


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн мындан туура 13 жыл мурунку, б.а. 2011-жылкы бүтүрүүчүсү, азыр «КызАрт» эко-мейманканасынын ээси жан апрофессионал-гид Узакбек БАКИРОВ өзүнүн кесиптик ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшүп, студенттерибизге кеп-кеңештерин берди. Учурдагы пандемиядан кийинки жандануу, Украинадагы аскердик абал сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдөн Кыргызстандын туризм тармагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алары тууралуу баалуу ойлорун ортого салды.