2025-04-04


"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу алкагында Ата-Бейитке зыярат уюштурулду


Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунда белгиленген нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу максатын ишке ашыруу алкагында бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттери үчүн Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык комплексине 2025-жылдын 3-апрелинде окуу-экскурсиялык зыярат уюштурулду. Мекенибиздин карт тарыхтын далай катаал сыноолорунан ийгиликтүү өтүүсүнө себепчи болушуп, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине зор салым кошушкан залкар маркум инсандарыбыздын сөөктөрү коюлган бул ыйык жерде жаштарыбыз жүрөктөрүндө патриоттук сезимдерди ойготкон маалыматтарга ээ болушту. Иш-чара "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов жана докторантыбыз Сүйүнбек Чыкынов тарабынан уюштурулду.