2025-04-25
2025-жылдын 24-апрель бейшемби күнү бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттеринин коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында бөлүмүбүздүн 37 студенти тарабынан Бишкектен 35 км аралыкта орун алган Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында таштандылар чогултулду. Тилекке каршы парктагы таштандылар абдан көп болгондуктан кыска убакытта эле 16 кап таштанды чогултулду. Бул акциянын натыйжасында ага катышкан жаштарыбыздын экологиялык аң-сезими өрчүдү жана албетте жаратылышыбызга аз да болсо экологиялык пайда келтирилди деп үмүттөнөбүз. Иш-чара "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов тарабынан уюштурулду.