2025-05-13


"Кыргызстан боюнча окуу-практикалык саякат III" сабагы ийгиликтүү аяктады (Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары, 03-07-май, 2025)


"Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн окуу программасында орун алган "Кыргызстан боюнча окуу туру-III" курсунун алкагында, доц., э.и.к. Бакыт Турдумамбетовдун жана доц.м.а., др. Туран Окулдун жетекчилигинде өткөрүлгөн Нарын – Ысык-Көл облустары боюнча практикалык окуу саякаты ийгиликтүү аяктады. Бөлүмүбүздүн үчүнчү жана төртүнчү курсунун ичинен 33 студент катышкан саякат мурда пландаштырылгандай Бишкек - ​​Бурана - Боом - Кувакы - Чоң-Туз - Долон - Нарын - Таш-Рабат - Кошой-Коргон - Ат-Башы - Нарын - Таш-Башат - Бугу-Марал (Нарын мамлекеттик коругу) - Кочкор - Орто-Токой - Ысык-Көл - Бөкөнбаев - Сказка - Барскоон - Жети-Өгүз - Каракол - Кырчын жайлоосу - Чоң-Ак-Суу капчыгайы - Чолпон-Ата - Рух-Ордо - Кемин - Бишкек маршруту боюнча жүргүзүлүп,  анын боюндагы тарыхый-маданий, диний жана жаратылышка байланыштуу туристтик объектилер менен жеринен таанышуу менен биргеликте, чакан талаа изилдөөлөрү менен коштолду.