2025-10-22


Бөлүмүбүзгө Япониянын JICA агенттигинин долбоорунан зыярат. 22-октябрь 2025-ж.


Япониянын JICA  агенттиги тарабынан 2022-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылып жаткан "Чүй областында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурас тизмесиндеги объектилерин пайдалануу аркылуу туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүүнүн Генералдык планын" иштеп чыгууга багытталган долбоордун өкүлдөрү бүгүн 22-октябрь, шаршемби күнү окуу жайыбызга зыяратка келишти. Зыярат учурунда япониялык адистер Бөлүм башчыбыз доц., др. Бакыт Турдумамбетовдун аталган долбоор тууралуу ой-пикирлерин алышып, декабрь айында боло турган финалдык презентацияга чакырып кетишти.