2026-02-12
STJ-194 "Кыргызстан боюнча окуу туру I" курсун ишке ашыруунун алкагында Чуңкурчак өрөөнүнө, "Чуңкурчак" тоо-лыжа базасына жана "Супара-Чуңкурчак" этнокомлексине 2026-жылдын 11-февралында шаршемби күнү, окуу-практикалык саякат уюштурулду. Практикалык билим алуу жагынан маанилүү болгон бул экскурсияга 37 студент катышып, уюштуруу иштерин мугалимдерибиз доц,, док. Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ, докторантыбыз Сүйүнбек ЧЫКЫНОВ колго алышты. "Супара-Чуңкурчак" этнокомлексинин урматтуу кызматкерлерине студенттерибиз үчүн баалуу убактысын бөлүп, кызыктуу маалымат жана кеп-кеңештерин бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
