2026-05-12


"Кыргызстан боюнча окуу-практикалык саякат III" сабагы ийгиликтүү аяктады (Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары, 04-08-май, 2026)


"Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн окуу программасында орун алган "Кыргызстан боюнча окуу туру-III" курсунун алкагында, доц.др. Эмруллах Төрен жана доц., э.и.к. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн Нарын – Ысык-Көл облустары боюнча практикалык окуу саякаты ийгиликтүү аяктады. Бөлүмүбүздүн үчүнчү жана төртүнчү курсунун ичинен 28 студент катышкан саякат мурда пландаштырылгандай Бишкек - ​​Бурана - Боом - Кувакы - Чоң-Туз - Долон - Нарын - Таш-Рабат - Кошой-Коргон - Ат-Башы - Нарын - Таш-Башат - Бугу-Марал (Нарын мамлекеттик коругу) - Кочкор - Орто-Токой - Ысык-Көл - Бөкөнбаев - Сказка - Барскоон - Жети-Өгүз - Каракол - Кырчын жайлоосу - Чоң-Ак-Суу капчыгайы - Чолпон-Ата - Рух-Ордо - Кемин - Бишкек маршруту боюнча жүргүзүлүп,  анын боюндагы тарыхый-маданий, диний жана жаратылышка байланыштуу туристтик объектилер менен жеринен таанышуу менен биргеликте, чакан талаа изилдөөлөрү менен коштолду. Болгону Кырчын жана Чоң-Ак-Суу жайлоолорун толук көрүүгө мүмкүнчүлүк болбоду, себеби быйыл күзүндө өтүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар жүрүп, ремонттоо иштерине байланыштуу айрым жолдор жабык болду.