2026-05-12


"Кыргызстан боюнча окуу-практикалык саякат II" сабагы ийгиликтүү аяктады (Ош жана Жалал-Абад облустары, 04-09-май, 2026)


Бул жылы "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн 2-курсунун жалпы 35 студенти үчүн окуу-практикалык сапарга бөлүмүбүздүн ага окутуучусу, др. Уланбек Алимов жетекчилик кылды. 2026-жылдын 4-9-май күндөрү болгон сапардын алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарына жана Өзгөн сыяктуу тарыхый жана маданий жактан маанилүү шаарларга саякат уюштурулду. Абшыр-Ата шаркыратмасы, Өзгөн мунарасы, Сулайман тоосу жана музейи, Сары-Челек көлү жана Арсланбоб айылы бул саякаттын эң кызыктуу жерлери болуп, ошого байланыштуу студенттер үчүн саякат жемиштүү, ал эми мугалимдин баамында сапардын максаты ишке ашырылып, ийгиликтүү аяктады.