МАКСАТЫ

Биотехнологиялык ишканаларда иштөө үчүн квалификациялык деңгээлдеги магистрлерди даярдоо, алардын негизги өндүрүштүк иштери ферменттерди, микроорганизмдерди, клеткаларды, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн клеткалык культуралары, алардын биосинтезинин жана биотрансформациясынын продуктуларын колдонууга байланыштуу болот,  ошондой эле биотехнология, молекулярдык биология жана генетикалык инженерия жаатында изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

 

ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Магистратура программасы биологиянын бардык тармактары боюнча компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Программага кабыл алынган студенттерге багыты боюнча ар түрдүү багыттардын бири боюнча адис болуп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Программа биология, колдонмо  биология багыттарында билимин жана келечегин калыптандырууга салым кошкон адистердин бири болууну каалаган студенттер үчүн биология жана аны окутуу, молекулалык биология, генетика, биохимия, биоинженерия жана агрономия багыттары боюнча бакалавр даражасы бар студенттер үчүн магистратура даражасына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Магистратура программасында иш алып барууда 6 окуу кабинети, семинар залы, гербариум, биохимия, биотехнология жана гистология лабораториялары колдонулат. Окуу жана илимий китептерди, мезгилдүү басылмаларды, маалымат базаларын, электрондук ресурстарды  колдонуу үчүн үзгүлтүксүз интернет менен камсыз кылынган жана окуу бөлмөлөрү менен кызмат көрсөткөн борбордук китепкана жеткиликтүү.

Учурда магистратура программасында толук штаттык негизде 10 кызматкер, анын ичинен: 1 - илимдин доктору, профессор; 2 - Ph.D., профессор; 3 илимдин кандидат, доценттери; 1 - Ph.D., доц.милд.аткаруучу; 1 – илимдин кандидаты, бөлүм адиси, 1 илимий кызматкер эмгектенишет. Кээ бир окутуучулар  докторлук даражаларын чет өлкөлөрдө жакташкан. Профессордук-окутуучулук курамдын дээрлик көпчүлүгү чет мамлекеттердеги стажировкаларга барышып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышышат. Бөлүмдүн окутуучуларынын 2 профессору жана 1 доценттин милдетин аткаруучусу  Түркиянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалып, биологиянын ар башка тармактары боюнча эмгектенишүүдө. Кыргыз Республикасынын ЖОЖда кызмат өтөгөн окутуучулар да, зарыл болгон учурда сааттык төлөм негизинде  ишке тартылышат.

Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен студент алмашуу программалары жана кош диплом берүү боюнча келишимдер бар. Мындан тышкары, Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары менен иш алып барынат жана Түркия баш болгон көптөгөн өлкөнүн университеттеринде бекер билим алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Магистрдик программа илимий өнүгүүлөргө жана инновацияларга ылайык жаңыланып турат. Биология бөлүмүнүн магистратура программасынын илимий изилдөө багыттарынын айрымдары: жалпы биотехнология; медициналык биотехнология; микробдук биотехнология; генетика; биохимия; биоинформатика.