МАКСАТЫ:

ББПнын окутуу жаатындагы максаты: Жандуу организмдерди, алардын бири-бири жана айлана чөйрө менен болгон өз ара таасир этүүлөрүн изилдөөдө инновациялык кесиптик ишмердүүлүктү  жүргүзүүгө, алган билимдерин жаратылыш чөйрөсүн жана адамдын ден-соолугун сактоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууга жөндөмдүү магистрлерди даярдоо. Бүтүрүүчүлөрдүн тандап алган кесиптик иш чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берүүчү жогорку кесиптик билим алуусун, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногундагы туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү универсалдуу жана предметтик-адистешкен компетенцияларга ээ болуусун камсыздоо.

520200 – Биология даярдоо багыты боюнча НББПнын инсанды тарбиялоо жаатындагы максаты: магистранттардын социалдык-инсандык сапаттарын калыптандыруу: максатка умтулуучулук, уюштуруучулук, эмгекчилдик, жоопкерчилик, жарандык, эркин баарлашуу, толеранттуулук, жалпы маданиятты жогорулатуу ж.б. болуп саналат.

 

ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Магистратура программасы биологиянын бардык тармактары боюнча компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Программа биология, биоэкология багыттарында билимин жана келечегин калыптандырууга салым кошкон адистердин бири болууну каалаган студенттер үчүн биология жана аны окутуу, молекулалык биология, генетика, биохимия, биотехнология, биоинженерия жана агрономия багыттары боюнча бакалавр даражасы бар студенттер үчүн магистратура даражасына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Магистратура программасында иш алып барууда 6 окуу кабинети, семинар залы, гербариум, биохимия, биотехнология, микробиология жана гистология лабораториялары колдонулат. Окуу жана илимий китептерди, мезгилдүү басылмаларды, маалымат базаларын, электрондук ресурстарды  колдонуу үчүн үзгүлтүксүз интернет менен камсыз кылынган жана окуу бөлмөлөрү менен кызмат көрсөткөн борбордук китепкана жеткиликтүү.

Учурда магистратура программасында толук штаттык негизде 9 кызматкер, анын ичинен: 1 - илимдин доктору, профессор; 2 - Ph.D., профессор; 3 илимдин кандидат, доценттери; 1 - Ph.D., доц.милд.аткаруучу; 1 – илимдин кандидаты, бөлүм адиси, 1 илимий кызматкер эмгектенишет. Кээ бир окутуучулар  докторлук даражаларын чет өлкөлөрдө жакташкан. Профессордук-окутуучулук курамдын дээрлик көпчүлүгү чет мамлекеттердеги стажировкаларга барышып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышышат. Бөлүмдүн окутуучуларынын 2 профессору жана 1 доценттин милдетин аткаруучусу  Түркиянын алдыңкы университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалып, биологиянын ар түрдүү тармактары боюнча эмгектенишүүдө. Кыргыз Республикасынын ЖОЖда кызмат өтөгөн окутуучулар да, зарыл болгон учурда сааттык төлөм негизинде  ишке тартылышат.

Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен студент алмашуу программалары жана кош диплом берүү боюнча келишимдер бар. Мындан тышкары, Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары менен иш алып барынат жана Түркия баш болгон көптөгөн өлкөнүн университеттеринде бекер билим алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Магистрдик программа илимий өнүгүүлөргө жана инновацияларга ылайык, жаңыланып турат. Биология бөлүмүнүн магистратура программасынын илимий изилдөө багыттарынын айрымдары: ботаника; физиология; зоология; гистология; биотехнология; генетика; биохимия; биоинформатика.