2023-06-01

Финансылык отчеттуулукта сабаттуулук аттуу тренинг


Түркия Республикасы мамлекеттик көзөмөл мекемеси тарабынан студенттерге багытталган “Финансылык отчеттуулукта сабаттуулук” аттуу тренинг 2023-жылдын 06- июнунан тартып онлайн режимде өтмөкчү. Тренингге катышууну каалаган студенттер Туркия республикасынын паспорттук номерлерин киргизүү шартынан бошотулуп, онлайн катыша алышат. Бул аталган тренингге катышууну каалаган студенттер 2023-жылдын 02 июну саат 14-00’a чейин факультетибиздин деканынын орун басары доцент Сезер Кахьяоглуна (sezer.kahyaoglu@manas.edu.kg +90 535 734 16 04 w/a) кайрылуулары керек.