2023-06-21

2023–2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ


КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

2023–2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

КАБЫЛ АЛУУ  МӨӨНӨТТӨРҮ

Документтерди кабыл алуу күндөрү

03-июль–25-август, 2023

Адистиги боюнча билим сынагы

жазуу түрүндөгү сынак

04-сентябрь, 2023, саат: 13:30

оозеки түрүндөгү сынак

05-сентябрь, 2023, саат: 13:30

Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо

06-сентябрь, 2023

Негизги тизмедеги талапкерлерди каттоо

07-08-сентябрь, 2023

Резервдик тизмедеги талапкерлерди каттоо

11-сентябрь, 2023

Сабактарга катталуу

08-11-сентябрь, 2023

Сабактар 17:00 дөн кийин башталат.

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

1-  Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

2- Магистратурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын (КР) жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын (ТР) жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.

3- ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын жыйынтыгы катары эсептелинет. ALES сынагынын табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Бул сертификаттын ээлери оозеки сынак тапшырууга милдеттүү. Ал эми аталган сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.

ДОКТОРАНТУРА

1- Докторантурага магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле бакалавр даражасына ээ болуу менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте бир лабораториялык багытта адистигин далилдеген сертификатка ээ болгон талапкерлер тапшыра алат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50дөн жогору болушу зарыл.

2-Докторантурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, КР жана ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.

3- ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын жыйынтыгы катары эсептелинет. ALES сынагынын табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Бул сертификаттын ээлери оозеки сынак тапшырууга милдеттүү. Ал эми аталган сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.

4- Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер Түркия Республикасынын “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил (англис, француз, немис жана орус тилдери) сынагынан 50 баалдан жогору же Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 50 баллдан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Ошондой эле, Кыргыз-Түрк «Манас» университеттин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитилген, эл аралык деңгээлде кабыл алынган башка чет тили сынактарынан тиешелүү баллга ээ болуусу зарыл. Чет тили боюнча эл аралык сынактардын баллы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “чет тили сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицасына” жараша эсептелинет. Чет тили факультетин бүтүрүүчүлөрү өзүнүн негизги профилдик чет тилинен сырткары башка чет тили боюнча сынак сертификатын көрсөтүүгө милдеттүү. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ

Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын (билим берүү тили кыргызча же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандары, жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети   менен  түзүлгөн эки тараптуу келишимине ылайык тапшырып жаткан чет мамлекеттин жарандарын эл аралык студент катары кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.

Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

Докторантурага магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле медициналык, ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,50дөн жогору болушу талап кылынат.

Кыргыз Республикасы жана/же болбосо Түркия Республикасынын жооптуу мекемелери тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу тастыктама бериши керек.

Талапкерден чет тил боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкердин каалаган тилинде оозеки түрдө билим сынагы өткөрүлөт.

КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

Документтер Табигый илимдер институтунда кабыл алынат, bilgi.fbe@manas.edu.kg электрондук дареги аркылуу же https://info.manas.edu.kg/sinav/ каттоо платформасы аркылуу кабыл алынат. Кабыл алуунун акыркы күнү 20 август 2023 жыл, Бишкек сааты боюнча 17:30га чейин жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88,  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз.

  1. Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет дарегинен (https://manas.edu.kg/tr/Graduate+School+of+Science+and+Technology/formlar) табууга  болот же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот: bilgi.fbe@manas.edu.kg.

     2. Магистратура программасы үчүн бакалаврдык диплом же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом              жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү талап кылынат. Докторантура программасы үчүн магистрдик диплом                же/ жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү талап кылынат.                    Абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат;

    3. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн                   талапкерлер жана эл аралык студент катары тапшырган талапкерлер үчүн), абитуриент кабыл алынган                 учурда документтердин түп нускасы талап кылынат;

    4. 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

   5. Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү;

    6. ALES сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгынын түп          нускасы же көчүрмөсү (бул документти талапкер кааласа тапшырат).

  7Чет тил сертификаттарынын түп нускасы же көчүрмөсү.

 

СУНУШТАЛУУЧУ МҮМКҮНДҮКТӨР

  1. Билим берүү акысыз.

      2. Магистратура жана докторантура программаларына өткөн студенттерге жетишкендигине жараша стипендия                берилет (стипендиянын өлчөмү магистранттар үчүн эң аз 7200 сом, докторанттар үчүн 9600 сом).

     3. Ийгиликтүү студенттерге университетте толук эмес ставкада иштөө мүмкүнчүлүгү берилет.

     4. Университеттин Ч. Айтматов атындагы кампусунда толук шарттары менен жатаканалар бар.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1- Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району,  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Табигый илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб., (Студенттик бөлүм). Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз. www.manas.edu.kg Whatsapp: +996(706) 068822, +996(700)125056.

2- Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

  1. Эне тили бул эки тилдин бири болбогон же бакалавриатта бул эки тилдин бири боюнча билим алып аяктаган талапкерлер бул эки тилден бошотуу боюнча документке ээ болбогон учурда, бул тилдер боюнча чектөөдөн бошотуу үчүн сынакка киришет (67 балл – жетишүү босогосу). Тилден бошотуу сынагы (кыргыз тили жана/же түрк тили боюнча) 2021-жылдын 15-17-сентябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору» тарабынан өткөрүлөт. Тилдердин бирин же экөөсүн тең ийгиликтүү тапшыра албагандар, каалоосу боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тилди окутуу программасы боюнча даярдоо курсуна катыша алат.

 

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

Адистиги боюнча билим сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт) офлайн же болбосо онлайн түрүндө өткөрүлөт.

Жазуу түрүндөгү адистик сынактын суроолору Google Classroom программасына жүктөлөт, сынактын акырында талапкер жооп баракчасын Google Classroom программасына жүктөөсү зарыл. Сынак Zoom Platform программасы аркылуу көзөмөлгө алынат. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Оозеки сынак Zoom Platform программасы аркылуу интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Сынак/аңгемелешүү учурунда талапкер тараптан электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышынын үзүлүшү сыяктуу техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албаса же катышкан учурда да сынактын тиешелүү талаптарын аткарбаса, сынак жараксыз деп табылат жана талапкерге кайра сынакка катышуу укугу берилбейт.

Ар бир талапкерге Zoom Platform, Google Сlassroom программалары аркылуу өткөрулө турган онлайн сынактарына кирүү үчүн ….@manas.edu.kg  аталышы менен убактылуу (e-mail) электрондук дареги ачылып, документ кабыл алуу учурунда институт тарабынан талапкерлерге жөнөтүлөт.

 

БИЛИМ БАГЫТТАРЫ ЖАНА КВОТАЛАР

МАГИСТРАТУРА

Билим багыттары

Квота

ALES ж.б. эл аралык тесттердин эквиваленттүү сертификаты

Чет тили боюнча сертификат

Магистратура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча базалык жогорку билими талап кылынат

КР

ТР

ЭА

Агрономия (Жашылча, мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү)

4

1

1

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Жашылча, мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү, Агрономия.

Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биология *, Токойчулук* Агроэкология*.

Биотехнология

4

1

1

Биология, Биоэкология, Биотехнология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика.

Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*.

Биология

4

1

1

Биология, Биоэкология, Биотехнология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика, Биология, лабораториялык иш.

Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*.

Агрономия (Өсүмдүктөрдү коргоо)

5

1

1

Өсүмдүктөрдү коргоо, Агрономия.

Мөмө жемиш талаа өсүмдүктөрү*, Биология*, Токойчулук*, Агроэкология*.

Программдык инженерия

 

5

 

3

 

2

Программдык инженерия, Компьютердик инженерия, Компьютердик билим берүү жана окутуу технологиялары, Маалыматтык технологиялар, Информатика негиздери жана маалыматтык технологиялар, Программа жана маалымат тутумдарын башкаруу, Маалыматтык коопсуздук, Компьютер илими, Маалыматтык тутумдар жана технологиялар, Интернетте берилиштерди иштетүү - Колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу, Электр жана электороника, Электр жана электроника инженериясы.

Математика*, Колдонмо математика жана информатика*, Техникалык жана технологиялык билим багыттарынын бүтүрүүчүлөрү (программалоо тилдери сыяктуу сабактарын алган болсо)*. 

Жаратылышты колдонуу жана экология (экология инженерлиги)

5

1

1

Экология инженерлиги

Тамак-аш инженерлиги*, Химия инженерлиги*, Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу*, Геоэкология*, Химия инженерлиги*, Тамак-аш инженерлиги*, Индустрия инженерлиги*, Химия*, Биология*, Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биоэкология*, Биотехнология*, Биоинженерия*, Токой чарба инженерлиги*, Колдонмо геология*, Тоо-кен өнөр жай экологиясы*, Өнөр жай коопсуздугу*, Инженердик геология*, Суу менен жабдуу жана канализация*.  

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы 

4

1

1

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги)

Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*, Экология инженерлиги*, Тамак-аш жабдуулары*, Химия инженерлиги*,  Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү*.

Химиялык технология (химия инженерлиги)

3

2

2

Химия инженерлиги, Химиялык технологиялар.

Тамак-аш инженерлиги*, Экология инженерлиги*, Машина куруу инженерлиги*, Биоинженерлиги*, Химия-биология инженерлиги*, Химия*.

Математика

 

5

 

2

 

1

Математика, колдонмо математика жана информатика, Математика инженерлиги, Математика жана компьютер, Математика мугалими.

 

ДОКТОРАНТУРА

Билим багыты

Квота

ALES ж.б. эл аралык тесттердин эквиваленттүү сертификаты

Чет тили боюнча сертификат

Докторантура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча магистр даражасы же 5 жылдык жогорку билими талап кылынат

КР

ТР

ЭА

Биология

2

2

1

Талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Милдеттуу турдо талап кылынат**

Биология, Биоэкология, Биотехнология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика.

Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*.

Программдык инженерия

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

1

 

 

 

 

 

 

0

Программалык Инженерия, Компьютердик инженерия, Компьютердик билим берүү жана окутуу технологиялары, Математика, Колдонмо математика жана информатика, Маалымат Технологиялары, Информатика негиздери жана маалыматтык технологиялар, Программалык камсыздоо жана маалымат тутумдарын башкаруу, Маалыматтык коопсуздук, Компьютер илими, Маалыматтык тутумдар жана технологиялар, Интернетте берилиштерди иштетүү-колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу, компьютердик лингвистика.

Программдык инженерия, Компьютердик инженерия, Математика, Колдонмо математика жана информатика багыттарында Бакалавр даражасы жана ошол эле учурда Электр жана электороника инженериясы, Байланыш инженериясы билим багытында Магистрдик даражага ээ болсо*.

Агрономия (Өсүмдүктөрдү коргоо)

1

1

0

Өсүмдүктөрдү коргоо.

Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү*, Биология*, Токой чарба инженерлиги*, Агроэкология*.

Жаратылышты колдонуу жана экология (экология инженерлиги)

 

4

 

2

1

Экология инженерлиги.

Тамак-аш Инженерлиги*, Химия инженерлиги*, Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу*, Геоэкология*, Химия инженерлиги*, Тамак-аш инженерлиги*, Индустрия инженерлиги*, Химия*, Биология*, Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биоэкология*, Биотехнология*, Биоинженерия*, Токой чарба инженерлиги*, Колдонмо геология*, Тоо-кен өнөр жай экологиясы*, Өнөр жай коопсуздугу*, Инженердик геология*, Суу менен жабдуу жана канализация*.

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы 

 

 

2

 

 

 

1

 

 

0

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (Тамак-аш инженерлиги)

Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*. Экология инженерлиги*, Тамак-аш жабдуулары*, Химия инженерлиги*.

Химиялык технология (химия инженерлиги)

 

 

2

 

 

2

 

 

2

Химия инженерлиги, Химиялык технологиялар.

Тамак-аш инженерлиги*, Экология инженерлиги*, Машина-куруу инженерлиги*, Биоинженерлиги*, Химия-Биология инженерлиги*, Химия*.

Математика

 

2

 

1

 

1

Математика, Колдонмо математика жана информатика, Математика инженерлиги, Математика жана компьютер, Математика мугалими.

                                                                

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КР: Кыргыз Республикасынын жараны; ТР: Түркия Республикасынын жараны; ЭА: Башка өлкөнүн жарандары.

 *Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программанын багытына карата айрыма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катышат.

**КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.