2023-10-17

Кумамото Университетине Кош даража программасына жарыя


Япониянын Кумамото университети менен Кыргыз-Түрк Манас Университетинин ортосундагы кол коюлган келишимдин негизинде кош даража программасына (Double Degree Program) магистратура жана докторантура боюнча окуу үчүн студенттерди кабыл алуу башталды.

 

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 3-ноябрь, 2023*

*Талап кылынган бардык документтерди атайын комиссия карап чыгып университеттин расмий процедураларынан өтүүсүнө жана Японияга жеткирилүүсү эске алынды

* акыркы мөөнөткө чейин документтерди тапшыруудан мурда, талапкерлер Кумамото университетинен илимий жетекчини табуусу жана макулдугун алуусу заарыл. (Институт мүдүр орун басарына кайрылсаңыздар болот).

Магистратура боюнча багыттар:

Табигый илимдер бөлүмү

Билим берүү багыттары: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери

Жарандык жана экологиялык инженерия жана архитектура бөлүмү

Билим берүү багыттары: жарандык жана экологиялык инженерия, шаардык жана аймактык пландоо жана долбоорлоо, архитектура жана курулуш инженериясы

Механикалык жана математикалык инженерия бөлүмү

Билим берүү багыттары: машина куруу, механикалык системалар, колдонмо математика

Информатика жана электротехника бөлүмү (Department of Computer Science and Electrical Engineering)

Билим берүү багыттары: электротехника, электрондук инженерия, компьютер илими (информатика)

Материал таануу жана колдонмо химия бөлүмү

Билим берүү багыттары: химия жана биология, химия жана материалдар, материал таануу жана инженерия

Докторантура боюнча

Табигый илимдер бөлүмү

Билим берүү багыттары: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери

Алдыңкы өндүрүштүк илимдер бөлүмү

Билим берүү багыттары: айлана-чөйрөнү коргоо инженериясы, айлана-чөйрөнү башкаруу жана пландаштыруу, архитектура жана айлана-чөйрөнү пландаштыруу, курулуш материалдары жана конструкциялары, өркүндөтүлгөн механикалык системалар, интеллектуалдык механикалык системалар, колдонмо математика, информатика жана коммуникация инженериясы, энергетика жана аппараттар үчүн алдыңкы технологиялар, адам жана айлана-чөйрөнүн информатикасы, колдонмо химия жана биохимия, материал таануу жана инженерия

Окуунун башталышы: 2024-жылдын 1-апрели

Ыйгарулуучу даражалар*

Магистратура үчүн: илим магистри, инженерия магистри же философия магистри ыйгарылат.

Докторантура үчүн: илимдин доктору, инженердик илимдердин доктору же философиянын доктору наамы берилет.

* Кумамото университети тарабынан берилүүчү даражалар (буга кошумча КТМУнун даражасы да ыйгарылат)

Кошумча шарттар

  • Кабыл алынган студенттер эки университеттин тең окуу программасынын талаптарын аткаруусу заарыл. (окшош сабактар үчүн кредит трансфери жасалат)
  • Илимий жетекчи эки университеттен тең белгиленет.
  • Квалицикация сынактары жана диссертацияны коргоо эки университеттин тең комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.

Төлөмдөр

Экзамен үчүн төлөм: ¥30,000

Катталуу акысы: ¥282,000*

Окуу акысы: бир семестрге ¥267,900 (жылына ¥535,800)*

*КТМУнун студенттери үчүн акысыз

 Кимдер тапшыра алышат

  • КТМУнун магистратура жана докторантура студенттери
  • Англис тили боюнча сертификаты бар болуусу керек: TOEFL iBT®, TOEIC®Listening & Reading Test, or IELTS Academic. (YDS да кабыл алынат).

 

Кошумча маалымат үчүн Табигый илимдер институтунун мүдүр орун басарына кайрылсаңыздар болот (+996-778-502222)