2022-04-18
Японияга студент алмашуу программасына жарыя!
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин партнер университети катары Кумамото университетинде, табигый жана инженердик илимдер багытындагы магистратура жана докторантура (PhD) студенттери үчүн JASSO стипендиясына 6 айлык жана 11 айлык алмашуу программасына чакырат.
- Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү: 28-апрель, 2022-ж.
- Арыз формасын бул жерден жүктөп алса болот
- Документтер Табигый илимдер институтунун катчылыгына тапшырылат
- Бардык документтер Табигый илимдер институту аркылуу гана жөнөтүлөт.
- Японияга баруу менен байланышкан карантиндик процесстин кошумча чыгымдары (мисалы 2 жумалык карантин ичиндеги чыгымдар) арыз ээси тарабынан төлөнөт.
Программа тууралу маалымат:
- Стипендиянын өлчөмү 80 000 япон йен (≈ 700 АКШ $) (учак билеттери камсыздалбайт)
- Программанын башталышы: 2022-жылдын 3-октябры
- Программанын мөөнөтү: 2022-жылдын октябрынан баштап 6 же 11 ай (тандаса болот)
- Программанын мазмуну:
- Изилдөө долбоору
- Лекциялар:
- Күзгү семестрде "Япониядагы учурдагы илим жана технология" (2 кредит)
- Курчап турган чөйрө маселелери боюнча темаларга байланыштуу 3 лекцияга катышуу талап кылынат
- Талаа сапары (field trip)
- Акыркы отчет
- Аралык жана жыйынтыктоочу презентациялар
- COVID-19 илдетинин жайылышына жараша программалар жокко чыгарылып же кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин эске кетебиз.
- Кумамото университетинен кабыл алуучу профессорду студент өзүнүн изилдөө темасына жараша тандап, анын кабыл алууга макулдугун алуусу зарыл. (Табигый илимдер институтуна кайрылыңыздар, жардам берилет).