2022-07-16

Табигый илимдер институту 2022–2023-окуу жылы үчүн магистратура жана докторантура (Ph.d) программаларына студенттерди кабыл алуу конкурсун жарыялайт.


КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

2022–2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

КАБЫЛ АЛУУ  МӨӨНӨТТӨРҮ

Документтерди кабыл алуу күндөрү

01–25-август, 2022

Адистиги боюнча билим сынагы

жазуу түрүндөгү сынак

05-сентябрь, 2022, саат: 13:30

оозеки түрүндөгү сынак

06-сентябрь, 2022, саат: 13:30

Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо

08-сеньябрь, 2022

Негизги тизмедеги талапкерлерди каттоо

09-12-сеньябрь, 2022

Резервдик тизмедеги талапкерлерди каттоо

14-сентябрь, 2022

Сабактарга катталуу

16-19-сентябрь, 2022

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

1-  Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

2- Магистратурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.

3- Кирүү сынактарында,  ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык деңгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл;  GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Тесттердин табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыктары эсепке алынат. Бирок бул талапкерлер оозеки сынак тапшырууга милдеттүү. ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү билим сынактарын тапшырууга милдеттүү.

ДОКТОРАНТУРА

1-Докторантурага магистратуранын бүтүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле медициналык, ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50дөн жогору болушу талап кылынат.

2-Докторантурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.

3-Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген чет тилдердин биринен (англис, француз, немис жана орус) эл аралык деңгээлдеги кабыл алынган сынак сертификатына ээ болуусу зарыл. Же болбосо Түркия Республикасынын “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55тен жогору же  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60тан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Чет тил боюнча эл аралык сынак сертификатынын баллы  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына» жараша эсептелинет. Чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүлөрү өзүнүн негизги профилдик чет тилинен сырткары башка бир чет тилинен сынак сертификатын көрсөтүүсү зарыл. КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

4-ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык деңгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл; GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет (тесттердин табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыктары эсепке алынат). Бирок бул талапкерлер оозеки сынагын тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү билим сынактарын тапшырууга милдеттүү.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ

Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын,  Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын  (билим берүү тили кыргызча же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандары, жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети   менен  түзүлгөн эки тараптуу келишимине ылайык тапшырып жаткан чет мамлекеттин жарандарын эл аралык студент катары кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.

Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

Докторантурага магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле медициналык, ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,50дөн жогору болушу талап кылынат.

Кыргыз Республикасы жана/же болбосо Түркия Республикасынын жооптуу мекемелери тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу тастыктама бериши керек.

Талапкерден чет тил боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкердин каалаган тилинде оозеки түрдө билим сынагы өткөрүлөт.

КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

Документтер Табигый илимдер институтунда кабыл алынат, bilgi.fbe@manas.edu.kg электрондук дареги аркылуу жана info.manas.edu.kg/sinav  сайт аркылуу кабыл алынат. Кабыл алуунун акыркы күнү 25 август 2022 жыл, Бишкек сааты боюнча 17:30га чейин жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88,  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз.

1.Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет дарегинен ( http//manas.edu.kg ) табууга болот же болбосо Институттан электрондук почтасы аркылуу алууга болот: bilgi.fbe@manas.edu.kg.

2.Магистратура программасы үчүн бакалаврдык диплом же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү, докторантура программасы үчүн магистрдик диплом же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү (же болбосо жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү туралуу тактама) талап кылынат. Студент катары катталуу учурунда документтердин түп нускасы талап кылынат;

3.Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкерлер жана эл аралык студент катары тапшырган талапкерлер үчүн), абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат;

4.3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

5.  Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү;

6. ALES (акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT (акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы же болбосо көчүрмөсү;

7.   Чет тил сертификаттарынын түп нускасы же көчүрмөсү.

 

СУНУШТАЛУУЧУ МҮМКҮНДҮКТӨР

  1. Билим берүү акысыз.
  1. Магистрант жана докторанттарга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык, ай сайын стипендия берилет.
  1. Студенттик жатакана.
  1. Ийкемдүү сабактардын жүгүртмөсү.
  1. Тил даярдоо программасына катталган студенттер негизги программасынын кээ бир курстарын да ала алышат.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1- Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн : Бишкек шаары, Жал кичи району,  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Табигый илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб., (Студенттик бөлүм). Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз. www.manas.edu.kg Whatsapp: +996(706) 068822, +996(700)125056.

2- Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

  1. Эне тили бул эки тилдин бири болбогон же бакалавриатта бул эки тилдин бири боюнча билим алып аяктаган талапкерлер бул эки тилден бошотуу боюнча документке ээ болбогон учурда, бул тилдер боюнча чектөөдөн бошотуу үчүн сынакка киришет (67 балл – жетишүү босогосу). Тилден бошотуу сынагы (кыргыз тили жана/же түрк тили боюнча) 2022-жылдын 14-16-сентябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан өткөрүлөт. Тилдердин бирин же экөөсүн тең ийгиликтүү тапшыра албагандар, каалоосу боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тилди окутуу программасы боюнча даярдоо курсуна катыша алат.

 

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

Адистиги боюнча билим сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт) офлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынак убагында Түркия Республикасынын жараны жана эл аралык талапкер Кыргыз Республикасында болбосо сынакка онлайн катышуусу мүмкүн.

Жазуу түрүндөгү адистик сынактын суроолору Google Classroom программасына жүктөлөт, сынактын акырында талапкер жооп баракчасын Google Classroom программасына жүктөөсү зарыл. Сынак Google Meet программасы аркылуу көзөмөлгө алынат. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Оозеки сынак Google Meet программасы аркылуу интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Сынак/аңгемелешүү учурунда талапкер тараптан электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышынын үзүлүшү сыяктуу техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албаса же катышкан учурда да сынактын тиешелүү талаптарын аткарбаса, сынак жараксыз деп табылат жана талапкерге кайра сынакка катышуу укугу берилбейт.

Google Meet жана Classroom аркылуу онлайн өткөрүлө турган сынактарга, сынактын башталышында талапкерлердин электрондук даректерине шилтеме жөнөтүлөт.

МАГИСТРАТУРА

БИЛИМ БАГЫТТАРЫ ЖАНА КВОТАЛАР

Билим багыттары

Квота

ALES ж.б. эл аралык тесттердин эквиваленттүү сертификаты

Чет тили боюнча сертификат

Магистратура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча базалык жогорку билими талап кылынат

КР

ТР

ЭА

Агрономия (мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү)

3

1

1

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү.

Өсүмдүктөрдү коргоо*, агрономия*.

Биотехнология

6

2

2

Биология, биоэкология, биотехнология, биология мугалими, биоинженерлиги, биохимия, молекулалык биология, генетика, генетикалык инженерия, биофизика,

Экология*, экология инженерлиги*, ветеринария*, агрономия*, медицина*, тамак-аш инженерлиги*.

Биология

6

2

2

Биология, биоэкология, биотехнология, биология мугалими, биоинженерлиги, биохимия, молекулалык биология, генетика, генетикалык инженерия, биофизика.

Экология*, экология инженерлиги*, ветеринария*, агрономия*, медицина*, тамак-аш инженерлиги*.

Агрономия (өсүмдүк коргоо)

3

1

1

Өсүмдүктөрдү коргоо

Мөмө жемиш талаа өсүмдүктөрү*, биология*, токойчулук*, агроэкология*, агрономия*.

Программдык инженерия

 

5

 

3

 

2

Программдык инженерия, компьютердик инженерия, компьютердик билим берүү жана окутуу технологиялары, маалыматтык технологиялар, информатика негиздери жана маалыматтык технологиялар, программа жана маалымат тутумдарын башкаруу, маалыматтык коопсуздук, компьютер илими, маалыматтык тутумдар жана технологиялар, интернетте берилиштерди иштетүү - колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу, электр жана электороника, электр жана электроника инженериясы.

Математика*, колдонмо математика жана информатика*, менеджмент*, башкаруу инженерлиги*.

Жаратылышты колдонуу жана экология (экология инженерлиги)

5

2

1

Экология инженерлиги

Тамак-аш инженерлиги*, химия инженерлиги*,  экология  жана жаратылышты колдонуу *.

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы 

4

1

1

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги)

Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*, экология инженерлиги*, тамак-аш жабдуулары*, химия инженерлиги*,  азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү*.

Химиялык технология (химия инженерлиги)

3

0

0

Химия инженерлиги, химиялык технологиялар.

Тамак-аш инженерлиги*, экология инженерлиги*, машина куруу инженерлиги*, биоинженерлиги*, химия-биология инженерлиги*, химия*.

Математика

 

5

 

2

 

1

Математика, колдонмо математика жана информатика, математика инженерлиги, математика жана компьютер.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДОКТОРАНТУРА

БИЛИМ БАГЫТТАРЫ ЖАНА КВОТАЛАР

Билим багыты

Квота

ALES ж.б. эл аралык тесттердин эквиваленттүү сертификаты

Чет тили боюнча сертификат

Докторантура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча магистр даражасы же 5 жылдык жогорку билими талап кылынат

КР

ТР

ЭА

Биология

2

2

1

Талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат.

Милдеттуу турдо талап кылынат**

Биология, биоэкология, биотехнология, биология мугалими, биоинженерлиги, биохимия, молекулалык биология, генетика, генетикалык инженерия, биофизика.

Программдык инженерия

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

1

 

 

 

 

 

 

-

Программдык инженерия, компьютердик инженерия, компьютердик билим берүү жана окутуу технологиялары, маалыматтык технологиялар, информатика негиздери жана маалыматтык технологиялар, программа жана маалымат тутумдарын башкаруу, маалыматтык коопсуздук, компьютер илими, маалыматтык тутумдар жана технологиялар, интернетте берилиштерди иштетүү - колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу, электр жана электороника, электр жана электроника инженериясы.

Математика*, колдонмо математика жана информатика*, менеджмент*, башкаруу инженерлиги*.

Агрономия (өсүмдүк коргоо)

1

1

1

Өсүмдүктөрдү коргоо.

Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү*, биология*,

Жаратылышты колдонуу жана экология (экология инженерлиги)

 

 

 

 

 

Экология инженерлиги.

Тамак-аш инженерлиги*, химия инженерлиги*, жаратылышты колдонуу жана экология*.

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы 

 

 

2

 

 

 

1

 

 

-

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги)

Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*. Экология инженерлиги*, тамак-аш жабдуулары*, химия инженерлиги*. 

Химиялык технология (химия инженерлиги)

 

 

3

 

 

1

 

 

1

Химия инженерлиги, химиялык технологиялар.

Тамак-аш инженерлиги*, экология инженерлиги*, машина-куруу инженерлиги*, биоинженерлиги*, химия-биология инженерлиги*, химия*.

Математика

 

2

 

1

 

1

Математика, колдонмо математика жана информатика, математика инженерлиги, математика жана компьютер.

                                                                

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КР: Кыргыз Республикасынын жараны; ТР: Түркия Республикасынын жараны; ЭА: Башка өлкөнүн жарандары.

 *Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программанын багытына карата айрыма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катышат.

**КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.