Япониянын Кумамото университети менен Кыргыз-Түрк Манас Университетинин ортосундагы кол коюлган келишимдин негизинде кош даража программасына (Double Degree Program) магистратура жана докторантура боюнча 2023-жылдын апрель айынан баштап окуу үчүн студенттерди кабыл алуу башталды.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 8-ноябрь, 2022*
*Талап кылынган бардык документтерди атайын комиссия карап чыгып университеттин расмий процедураларынан өтүүсүнө жана Японияга жеткирилүүсү эске алынды
* акыркы мөөнөткө чейин документтерди тапшыруудан мурда, талапкерлер Кумамото университетинен илимий жетекчини табуусу жана макулдугун алуусу заарыл. (доц.м.а. Эмил Омурзак уулуна кайрылсаңыздар)
Магистратура боюнча багыттар:
Табигый илимдер бөлүмү
Билим берүү багыттары: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери
Жарандык жана экологиялык инженерия жана архитектура бөлүмү
Билим берүү багыттары: жарандык жана экологиялык инженерия, шаардык жана аймактык пландоо жана долбоорлоо, архитектура жана курулуш инженериясы
Механикалык жана математикалык инженерия бөлүмү
Билим берүү багыттары: машина куруу, механикалык системалар, колдонмо математика
Информатика жана электротехника бөлүмү (Department of Computer Science and Electrical Engineering)
Билим берүү багыттары: электротехника, электрондук инженерия, компьютер илими (информатика)
Материал таануу жана колдонмо химия бөлүмү
Билим берүү багыттары: химия жана биология, химия жана материалдар, материал таануу жана инженерия
Докторантура боюнча
Табигый илимдер бөлүмү
Билим берүү багыттары: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери
Алдыңкы өндүрүштүк илимдер бөлүмү
Билим берүү багыттары: айлана-чөйрөнү коргоо инженериясы, айлана-чөйрөнү башкаруу жана пландаштыруу, архитектура жана айлана-чөйрөнү пландаштыруу, курулуш материалдары жана конструкциялары, өркүндөтүлгөн механикалык системалар, интеллектуалдык механикалык системалар, колдонмо математика, информатика жана коммуникация инженериясы, энергетика жана аппараттар үчүн алдыңкы технологиялар, адам жана айлана-чөйрөнүн информатикасы, колдонмо химия жана биохимия, материал таануу жана инженерия
Окуунун башталышы: 2023-жылдын 1-апрели
Ыйгарулуучу даражалар*
Магистратура үчүн: илим магистри, инженерия магистри же философия магистри ыйгарылат.
Докторантура үчүн: илимдин доктору, инженердик илимдердин доктору же философиянын доктору наамы берилет.
* Кумамото университети тарабынан берилүүчү даражалар (буга кошумча КТМУнун даражасы да ыйгарылат)
Кошумча шарттар
Төлөмдөр
Экзамен үчүн төлөм: ¥30,000
Катталуу акысы: ¥282,000*
Окуу акысы: бир семестрге ¥267,900 (жылына ¥535,800)*
*КТМУнун студенттери үчүн акысыз
Кимдер тапшыра алышат
Кошумча маалымат үчүн Табигый илимдер институтунун мүдүр орун басарына кайрылсаңыздар болот (+996-778-502222)