2023-01-11

Кумамото униерситетине Япониянын билим берүү министрлигинин стипендиясына (MEXT) жарыя берилди.


 

Төмөндө негизги шарттары берилди. Толугураак маалымат боюнча Табигый илимдер институту мүдүр жардамчысына кайралсаңыздар болот.

 

ИЗИЛДӨӨ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТТАРЫ (МАГИСТРАТУРА ҮЧҮН)

Табигый илимдер бөлүмү: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери

Жарандык жана экологиялык инженерлиги жана архитектура бөлүмү: жарандык жана экологиялык инженерлиги, шаардык жана аймактык пландоо жана долбоорлоо, архитектура жана курулуш инженерлиги

Машина-математикалык инженерия бөлүмү: машина куруу, механикалык системалар, колдонмо математика

Информатика жана электротехника бөлүмү: электротехника, электроника инженерлиги, информатика

Материал таануу жана колдонмо химия бөлүмү: химия жана биология, химия жана материалдар, материал таануу жана инженерия

 

ИЗИЛДӨӨ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТТАРЫ (ДОКТОРАНТУРА ҮЧҮН)

Табигый илимдер бөлүмү: математика, физика, химия, жер жана айлана-чөйрө илимдери, биология илимдери

Алдыңкы өндүрүштүк илимдер бөлүмү

Билим берүү багыттары: айлана-чөйрөнү коргоо инженериясы, айлана-чөйрөнү башкаруу жана пландаштыруу, архитектура жана айлана-чөйрөнү пландаштыруу, курулуш материалдары жана конструкциялары, өркүндөтүлгөн механикалык системалар, интеллектуалдык механикалык системалар, колдонмо математика, информатика жана коммуникация инженериясы, энергетика жана аппараттар үчүн алдыңкы технологиялар, колдонмо химия жана биохимия, материал таануу жана инженерия

 

КИМДЕР ТАПШЫРА АЛЫШАТ:

1) Улуту: MEXT тарабынан көрсөтүлгөн өлкөнүн жарандыгы болушу керек (тизмеден тактаӊыз) жана Японияга киргенде студенттик визасы болуусу.

2) Жашы: 1988-жылдын 2-апрелинде же андан кийин төрөлгөн болушу керек.

3) Билими (магистратура үчүн): 2023-жылдын сентябрына чейин Япониядан тышкары 16 жылдык формалдуу билим берүү аяктаган же бүтүшү күтүлүүдө.

3.1) Билими (докторантура үчүн): магистр даражасына ээ болгон же 2023-жылдын сентябрына чейин даражаны бүтүрүү күтүлүүдө.

4) GPA: Сиздин эң акыркы расмий билим берүү программасындагы бааларыңыздын GPA (жалпы орточо баа) эӊ аз төмөндөгү эсептөө ыкмасынын негизинде 2.30га барабар же андан жогору болушу керек. Сандар үтүрдөн кийин эки санга чейин тегеректелиши керек.

 

 

Calculation method Type of

evaluation

Obtained score

Pattern 1

不可

Pattern 2

A

B

C

F

Pattern 3

100~80 p

79~70 p

69~60 p

59 p~

Pattern 4

100~90 p

89~80 p

79~70 p

69~60 p

59 p~

Pattern 5

S

A

B

C

F

Pattern 6

A

B

C

D

F

Grade Point

3

3

2

1

0

                   

 

After calculating the grade points, apply them to the following calculating formula.

[Calculating method]

(Units of GP3×3)+ (Units of GP2×2)+ (Units of GP1×1) +(Units of GP0×0)

All the registered units

Note:

1. If your grading system is not based on units, it can be replaced to the number of subjects.

2. It should exclude any evaluation other than ones in the table above such as “qualification”, “Pass” etc

 

5) Ден соолук: физикалык жана психикалык ден соолукта болушу керек.

6) Тил: CEFR (Common European Framework of Reference for Languages) В2 деңгээлине барабар же андан жогору англисче баарлашуу жөндөмүнө ээ болушу керек. Талапкерлердин TOEFL iBT®, TOEIC®Listening & Reading Test же IELTS Academic расмий упайлары болушу керек. Минималдуу упайлар TOEFL iBT® үчүн 72, TOEIC®Listening & Reading Test үчүн 785 жана IELTS Academic үчүн 5,5 балл.

7) Келүү убактысы: Японияга 2023-жылдын 24-сентябрынан 7-октябрына чейин жете алышы керек. Мүмкүн болбогон учурда жол киреси төлөнбөйт.

8) Виза: Японияга келгенде студенттик визасы болушу керек.

Эскертүү:

1. Аскер кызматчылары жана жарандык аскер кызматчылары тапшыра алышпайт.

2. Эгерде кабыл алынган студенттер белгиленген мөөнөттө Японияга келбесе, кабыл алуу жокко чыгарылат.

3. Жапон өкмөтүнүн (MEXT) стипендиясын мурда алгандар стипендияга кайра тапшыруу үчүн билим берүү жана изилдөө жаатында 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Бирок, Жапон таануу студенттери үчүн программаны, Илим жана инженерияда студенттер үчүн Япония-Корея биргелешкен алмашуу программасын же Жаш лидерлер программасын аяктагандан кийин мекенине кайтып келген жана өз университеттерин бүтүргөндөр бул эрежеге баш ийбейт. MEXT Артыкчылык стипендиясын алгандар да укуктуу.

4. Учурда Япония Өкмөтүнүн (MEXT) алдындагы башка стипендиялык программага тапшырып жаткандар жарамдуу эмес.

5. Арыз берүү учурунда Японияда жүргөндөр.

6. Японияга келгенден кийин Япония Өкмөтүнөн (MEXT) башка мекемелерден (анын ичинде өзүнүн мамлекетинен) стипендия алууну күтүп жаткандар жарамдуу эмес.

7. Эгерде алуучулар 2023-жылдын сентябрына чейин белгиленген билим берүү талаптарын аткара албаса, кабыл алуу жокко чыгарылат.

8. Студент катары катталган учурда япон жарандыгынан баш тартканын далилдей албаган кош жарандуулуктун ээлери катышууга укуктуу эмес.

9. Чет өлкөдө илимий иштерди жүргүзүүнү (талаа иштери, стажировка ж.б.у.с.) же арыз берген учурда узартылган эмгек өргүүсүн алууну пландап жаткандар катыша албайт.

 

СТИПЕНДИЯ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

1) Стипендия: айына 144,000 иен (өзгөрүшү мүмкүн).

2) Японияга билет чыгымдары (төлөнбөй калуу учурлары бар, эрежесин караӊыздар)

3) Экзамен, кабыл алуу жана окуу үчүн төлөмдөрдөн бошотулат.

Катталуу күнү: 2023-жылдын 1-октябры

Даражалар (магистратураны бүтүргөндөн кийин)

Илим магистри, инженерия магистри же философия магистри ыйгарылат.

Даражалар (докторантураны бүтүргөндөн кийин)

Илимдин доктору, инженердик илимдердин доктору же философиянын доктору наамы берилет.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: февраль 1, 2023

*Бардык документтердин түпнускалары арыз берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеңсеге (Японияга) келиши керек экенин эске алыңыз.

Почта кызматы күтүлбөгөн себептерден улам кечигип калса, документтериңиздин көчүрмөсүн бизге электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.