ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯСЫ

Программанын миссиясы, жаңыланууга даяр, изденген, этикалык жана адистик баалуулуктарды жактаган, заманга ылайык окуу-окутуу маданиятын түптөгөн жана теоретикалык жактан өтө терең маалыматка ээ болгон, андан сырткары глобалдык деңгээлдеги маалымат жана технологияларды иштеп чыга ала турган, адистик жөндөмдүүлүгү жогору, коомдогу баалуулуктарга сый мамиле жасаган илимпоздорду даярдоо үчүн күчтүү академиялык инфраструктура түзүү.

МАКСАТЫ

Докторантура (PhD) программасынын максаты өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, илимдеги көйгөйлөрдү кеңири жана терең анализдеп, талкуулоого, жаңы пикирлерди жана ыкмаларды ойлоп табууга, өзүнүн тармагындагы илимий ачылыштарды, макалаларды жана заманбап ыкмаларды дайыма окуп турууга жөндөмдүү, этиканы жана кесиптик баалуулуктарды жактаган, өлкөнүн илимий изилдөөчүлөрдү даярдоо боюнча потенциалына салым кошкон, өсүмдүктөрдү коргоо тармагы менен байланыштуу багыттарда жогорку сапаттагы илимий иштерди жасаган келечетин илимпоздорун даярдоо жана буга жетишүү үчүн тиешелүү билим менен камсыз кылуу.

Университетибиздин уставына ылайык, Кыргызстандагы эң мыкты окутуучулар жана Түркия Республикасындагы университеттер тарабынан биздин университетке беш жылдык менен келип кызмат өтөгөн окутуучуларды биздин бөлүмдө эмгектенүүсү максатыбызга жетүүдө чоң салым кошо алат.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  1. Докторантура (PhD) программасы, Өсүмдүктү Коргоо багытында күчтүү жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдү даярдайт. Программага кабыл алынган студенттерге бул багыттагы түрдүү тармактардын бирин тандап, ал тармакта адис болуусун камсыздайт. Бул программага өсүмдүктөрдү коргоо багытында билимдин өнүгүүсүнө салым кошууну каалаган Өсүмдүктөрдү Коргоо, Агрономия жана Биология багыттарында магистратурасын бүтүргөн студенттерди кабыл алат.
  2. Докторантура (PhD) программасынын ачылуусу үчүн бөлүмүбүз төрт (4) дарскана, эки (2) семинар залы жана беш (5) даана практикалык лабораториялар (Энтомология, Фитопатология, Биотехнология жана молекулярдык биология, Нематология жана Гербология лабораториялары) менен камсыздалган. Студенттердин маалымат алуусу үчүн теориялык жана илимий китептери, кезектүү жыйнактары, электрондук маалыматтарга тоскоолсуз жетүүгө мүмкүн болгон интернет базасы жана окуу залдары менен дайыма ачык болгон китепкана иштейт.  
  3. Докторантура (PhD) программасынын улантылуусу үчүн бөлүмдө эки (2) Профессор, эки (2) Доцент, эки (2) Ага окутуучу эмгектенет.  Академиялык курамдын бардык мүчөлөрү өздөрү иштеген тармактагы чет өлкөлүк изилдөөчүлөр менен биргеликте иш алып баруу менен бирге, илимий проекттерде изилдөөлөрдү жүргүзүп, иш-чараларга катышып келүүдө. Алардын ичинен үч окутуучу Түркия республикасындагы Университеттер тарабынан 5 жылдык мөонөт менен келип иштеген, түрдүү тармактагы илимий адистер болуп эсептелет. 
  4. Докторантура (PhD) программасы, илимий өнүгүүлөр жана жаңылануулар менен биргеликте, кызыктар тараптардын пикирлери эске алынып, дайыма жаңыланып турат.
  5. Өсүмдүктөрдү Коргоо багытынын докторантура (PhD) программасынын тармактарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
  • Энтомология,                                                                        •Фитопатология,
  • Нематология,                                                                         •Гербология
  • Акарология,                                                                           •Биологиялык коргоо
  • Өсүмдүктөрдү Коргоо Биотехнологиясы                             •Пестициддер