БИЛИМ БАГЫТЫ:  741000-“АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР ТОВАРЛАРЫНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ» (ТАМАК-АШ ИНЖЕНЕРЛИГИ)

ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

 

МИССИЯСЫ

Өз тармагында мыкты, өзүнө болгон ишеними жогору, жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон, коомдун алдында жооптуу, заманбап, эл аралык деңгээлде иштей алуучу илимий адистерди даярдоо жана бул багыт боюнча дүйнөлүк илимге салым кошуу.

МАКСАТЫ

Изилдөөчүлөрдү жана адистерди тамак-аш илимин жана технологиясын түзгөн ар кыл чөйрөдөгү илимий кызматкерлерди даярдоо үчүн жетиштүү негиздерди камсыз кылууга багытталган. Бул программа докторанттарга жана аларга кошулган илимий топторго тамак-аш процесстерин жана азыктарын жакшыртуу максатында илимий изилдөө, инновациялык жана технологиялык өнүгүү жаатында долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Улуттук жана эл аралык университеттерде, илим изилдөө борборлорунда жана айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүүчү компанияларында жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө басым жасалат.

Университеттин уставына ылайык Түркия университеттеринде ушул илим багытында иштеген окумуштуулар, биздин бөлүмгө белгилүү бир мөөнөткө келип иштеши  биздин максатты ишке ашырууга чоң салым кошот.

 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР

  1. Докторантура программасы Тамак-аш технологиясы жана илими багытынын бардык тармактарында компетенттүү жана ийгиликтүү илим изилдөөчүлөрдү даярдайт. Докторантурада окуган студенттер өздөрүнүн изилдөө иши (тармактадын бири) боюнча жогорку денгээлдеги илимий адис боло алышат. Программа Тамак-аш технологиясы жана илими жаатында илимдин жана келечектин калыптанышына салым кошкон изилдөөчүлөрдү даярдайт. Тамак-аш технологиясы жана инженерлиги, жана дагы башка жакын адистиктер (Химиялык технологиялар, Химия жана Экология инженерлиги) боюнча магистратура же адис даражасына ээ адистер үчүн докторантураны улантуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  2. Докторантурада окуу жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эки (2) аудитория, бир (1) семинар өткөрүү бөлмөсү, төрт (4) лаборатория бар. Докторанттар үчүн илимий китептер, мезгилдүү илимий журналдар, маалымат базалары, электрондук ресурстарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берген интернет-инфраструктурасы жана окуу залдары менен үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепкана жеткиликтүү.
  3. Докторантура программасы боюнча азаркы учурда алты (6) профессордук окутуучулук курам сабак берүүдө, анын ичинде эки (2) профессор, эки (2) доцент жана эки (2) доценттин милдетин аткаруучу, окутуучулардын бешөөсү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө, бир доцент Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы. Бул окутуучулардын айрымдарынын чет өлкөлөрдө иштөө тажрыйбасы чоң. Бардык окутуучулар ар дайым өз тармагында изилдөөчүлөр менен кызматташышат жана чет өлкөлөрдөгү илимий иш-чараларга катышышат.
  4. Докторантура программасы боюнча илимий иштер жана инновациялар, кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлөт жана дайыма жаңыланып турат.
  5. Тамак-аш илим багытынын докторантура программасынын айрым илимий багыттары:
  • Сүт жана сүт азыктарынын физика химиялык касиеттерин жана технологиясы;
  • Эт жана балык азыктарынын физика химиялык касиеттерин жана технологиясы;
  • Кыргыз улуттук азыктарынын технологиясы;
  • Өсүмдүк чийки заттарынын химиялык курамын анализдөө;
  • Өсүмдүк чийки заттарын кайра иштетүү технологиясы;
  • Өсүмдүк чийки заттарын кайра иштетүүдөгү таштандыларды азайтуу жана пайдалануу;

Тамак азыктарындагы зыяндуу заттардын камтылышын аныктоо ж.б.