ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

БИЛИМ БАГЫТЫ: 710400-«ПРОГРАММАЛЫК ИНЖЕНЕРИЯ»

ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Инновацияларга ачык болуу, биргелешип иштөө, этикалык жана кесиптик баалуулуктарды кабыл алуу, заманбап окутуу маданиятын түзүү жана теориялык маселелер боюнча терең билимге ээ болуу, ошондой эле универсалдуу сапаттагы билимди жана технологияны өндүрүү жана кесипкөйлүк менен иш алып баруу, коомдук баалуулуктарды сыйлаган изилдөөчүлөрдү даярдоо максатында күчтүү академиялык инфраструктураны түзүү.

МАКСАТ

Докторантура программасынын максаты: көзкарандысыз изилдөө жүргүзүү, илимий маселелерди кенен жана терең көз караш менен чечмелеп талдоо, компьютер жаатында жаңы идеяларды жана методдорду иштеп чыгуу, өз адистигине ээ болуу, улуттук жана эл аралык илимий басылмалар жана алардын тармагындагы учурдагы жетишкендиктер, этикалык жана кесиптик баалуулуктарды өздөштүрүп, дүйнөдөгү кызыкдар тараптар менен жалпы тилди колдонуп, жалпы атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөбүздүн изилдөө потенциалын жогорулатуу менен, компьютердик инженерияга жана ар башка тектеш дисциплиналардагы илимий изилдөөлөргө катышуу менен жогорку деңгээлдеги изилдөөлөрдө иштеген жана бул оригиналдуу эмгектерин кадыр-барктуу илимий журналдарда жарыялоо менен өз салымын кошкон изилдөөчүлөрдү окутуу жана бул үчүн зарыл болгон академиялык билимдерди жана көндүмдөрдү алуу. Университеттин Түркиядагы жогорку окуу жайларынын жобосуна ылайык, жогорку билим берүү мекемелеринде иштеген илимпоздорду бөлүмгө беш жылдан кем эмес дайындалышын бөлүмдүн жетишкендигин жогуралатууга толук колдонуу.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

1.Докторантура программасы компьютердик инженериянын бардык тармактарында компетенттүү жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдү даярдайт. Кабыл алынган студенттерге бул тармактагы ар кыл темалардын бири боюнча адис болууга мүмкүнчүлүк берет. Программа алгоритмдер, программалоо тилдери, маалыматтар базасы жана анализ, компьютердик окутуу, маалыматтык коопсуздук, компьютердик тармактар ​​жаатында илимдин келечегин калыптандырууга салым кошуп, компьютердик инженерия жана тиркемелер жаатында изилдөөчүлөрдүн катарына кошулууну магистратура же адис даражасы бар студенттер үчүн докторантурага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

2.Докторантураны жүзөгө ашырууда үч класс, семинар бөлмөсү, компьютердик жана колдонмо лабораториясы бар. Курстук жана илимий китептер, мезгилдүү басылмалардын маалымат базалары, электрондук ресурстарга жана окуу залдарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган интернет-инфраструктурасы менен үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепкана бар.

3.Докторантура программасын учурда беш (5) окутуучу тарабынан берилет, анын ичинде бир (1) профессор, үч (3) доцент жана бир (1) доценттин милдетин аткаруучу окутушат. Алардын бири техникалык илимдердин доктору, профессор, (1) доценттин милдетин аткаруучу - техникалык илимдердин кандидаты жана ошол эле учурда криптология багыты боюнча PhD доктору, үч (3) доцент - математика илимдеринин кандидаты наамына ээ окутуучулар. Бул окутуучулардын бири чет өлкөдө PhD докторлук ишин жактаган. Бардык окутуучулар ар дайым өз тармактары боюнча изилдөөчүлөр менен кызматташат жана чет өлкөлөрдөгү илимий иш-чараларга катышат.

4.Докторантура программасы кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин эске алуу менен илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.

5.Докторантура программасынын айрым илимий багыттары төмөнкүлөр:

  • Машинаны үйрөтүү (Терең үйрөтүү)
  • Үлгүнү таануу
  • Маалымат коопсуздугу
  • Чоң маалыматтарды талдоо
  • Табигый тилди иштетүү