БИЛИМ БАГЫТЫ:  720100-«ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ» (ХИМИЯ ИНЖЕНЕРЛИГИ)

ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Инновацияларга ачык, катышкан, бөлүшкөн, этикалык жана кесиптик баалуулуктарды кабыл алган, дүйнөлүк сапатта билимди жана технологияны өндүргөн жана кесипкөй компетенттүү, коомдук баалуулуктарды сыйлаган жана өзүнө ишенимдүү изилдөөчүлөрдү тарбиялоо.

 

МАКСАТ

Университеттерде жана ѳндүрүштѳ натыйжалуулук жана атаандаштык кѳргѳзѳ алган инновациялык изилдѳѳ багыттарын аныктай билген, илим жана техниканын учурдагы деңгээлин жогорулатып, алдыга сүрѳп кеттүүчү изилдѳѳлѳрдү аткарууга, башкарууга жѳндѳмдүү, алардын жыйынтыгын жана ѳндүрүшкѳ болгон салымын аныктай билген, экологиялык ыкма менен ишке ашыра билген, изилдѳѳ жана ѳркүндѳтүү жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ болгон, ошондой эле, команда менен бирге иш алып бара алган жана лидерлик сапатка ээ болгон, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги билим берүү жаатындагы эмгектерди жетектөөгө жана кызматташууга жөндөмдүү, доктор даражасына ээ болгон кѳп кырдуу инженер-химиктерди даярдоо. 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  1. Докторантура программасы химия инженерлиги багыты боюнча дисциплиналар аралык иш билгилиги жогору изилдөөчүлөрдү даярдайт. Окууга кабыл алынган докторанттарга ушул тармактагы ар кыл темалардын бири боюнча адис болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул программа илимдин калыптанышына салым кошуп жаткан изилдөөчүлөрдүн катарына кошулгусу келген химия, тамак-аш, экология инженерлиги, ошондой эле биотехнология, энергетикалык технологиялар боюнча магистратура даражасына ээ болгон адистер үчүн докторантура илимий даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  2.  
  3. Бизде алты (6) аудитория, эки (2) семинар салону, компьютердик жана колдонмо лабораториялары бар. Мындан тышкары, илимий адабият жана окуу материалдары, периодикалык басылмалардын маалымат базалары, электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган интернет-инфраструктурасы, окуу залдары менен үзгүлтүксүз иш алып барган борбордук китепкана бар.
  4. Азыркы учурда бизде эки (2) профессор, үч (3) доцент, бир (1) доценттин м.а. болуп баардыгы алты (6) профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Алардын айрымдары докторлук даражаларын чет өлкөлөрдө алышкан. Биздин баардык профессордук-окутуучулук курам өз тармактары боюнча чет мамлекеттик изилдөөчүлөр менен дайыма кызматташып, илимий иш-чараларга катышып турушат. 
  5. Докторантура программасы илимий прогресстерге жана инновацияларга ылайык, кызыкдар тараптардын пикирин эске алуу менен дайыма жаңыланып турат.
  6. Химия инженерлиги билим багытынын докторантура программасынын негизги илимий багыттары тѳмѳнкүлѳр:
  • Энергетикалык технологиялар
  • Экология
  • Ден соолук
  • Жаңы материалдар
  • Нанотехнология