Тапшыруу шарттары

 

10-берене.

1) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу үчүн арыздар кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө Студенттик иштер башкармалыгына колмо-кол же электрондук түрдө жана керектүү документтер менен кошо тапшырылат. Арыз тапшыруу учурунда документтердин көчүрмөсү, акыркы каттоодо түп нускасы же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү талап кылынат.

Талап кылынган документтер:

a) Толтурулган арыз бланкы;

b) Магистратура программасы үчүн бакалавр даражасындагы диплому же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат;

c) Докторантура программасы үчүн даярдоо курсун кошпогондо 5 жылдык жогорку билими тууралуу диплому же магистр даражасындагы диплому/жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат;

d)Бүтүргөн жогорку окуу жайы тарабынан тастыкталган дипломдун транскрипти;

e) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ID картасы жана аскердик билети;

f) Түркия Республикасынын жарандары үчүн паспорту жана аскердик билети;

g)Башка өлкөнүн жарандары үчүн паспорт.

2) Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан берилген дипломдоруна ээ болсо, диплом Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы компетенттүү мамлекеттик органы тарабынан таанылгандыгы тууралуу тастыкталган документ болуусу зарыл.

3) Түркия Республикасынын жараны Түркия Республикасынын жана Түркиянын чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлары тарабынан берилген дипломдордон сырткары башка өлкөлөрдүн дипломдоруна ээ болгон учурда, диплом ТРнын Жогорку билим берүү комитети тарабынан берилген эквиваленттик сертификатка ээ болушу керек.

4) Университеттин эки тараптуу келишимдеринин негизинде ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшырган талапкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк студенттердин Кыргыз Республикасынын жана/же Түркия Республикасынын ыйгарым укуктуу мекемелери тарабынан таанылган диплому болушу керек.

5) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыргандар үчүн сабактардын орточо баасы 2.00/4.00, докторантурага тапшыргандар үчүн кеминде 2.50/4.00 болушу керек. Төрттүк системага кирбеген баалар төрттүк системага айландырылат жана Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тили боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык бааланат. ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен жогору да баа берилиши мүмкүн.

6) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу үчүн чет тилин билүү талап кылынбайт. Бирок ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин чечими жана институттун Башкаруу кеңешинин макулдугу менен чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынышы мүмкүн.

7) Докторантурага тапшыруу үчүн тийиштүү чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Докторантура программасында кайсы чет тилинен сертификат кабыл алынары ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат. Университеттин ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тили боюнча сынагынан 50дөн кем эмес балл, ТРнын ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тилдери сынагынан кеминде 50 балл же Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган чет тилдери боюнча ТРнын ϴТЖБ чет тили сынагынын баллына барабар балл талап кылынат. ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин чечими жана институттун Башкаруу кеңешинин макулдугу менен чет тили боюнча мындан да жогору балл талап кылынышы мүмкүн. Эквиваленттүү балл университеттин чет тил сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицаларына ылайык эсептелет. Илимий изилдөө тармагы чет тили болгон талапкерлерден башка чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн чет тилин билгендиги тууралуу сертификаттардын жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт.

8) Талапкерлер бирден ашык программага тапшыра алышпайт.

 

Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ч.Т. Айтматов атындагы кампус, Коомдук илимдер институтунун имараты, (Студенттик бөлүм).

Байланыш үчүн: 00 996 (312) 25 35 57, ички тел.: 107 номерине телефон чалыңыз. Электрондук дарек: bilgi.sbe.@manas.edu.kg, Whatsapp: +996 (559) 761988 жана +996(700) 125056.