2023-06-16

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ 2023–2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ


КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ

КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

2023–2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ  КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТТӨРҮ

Документтерди кабыл алуу күндөрү

3-июль-25-август, 2023 - жыл

Адистиги боюнча билим сынагы

жазуу түрүндөгү сынак

4-сентябрь, 2023- жыл, саат: 13:30

оозеки  түрүндөгү сынак

5-сентябрь, 2023 - жыл, саат: 13:30

Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо

6-сентябрь, 2023 – жыл

Негизги тизмедеги талапкерлерди каттоо

7-8 - сентябрь, 2023 – жыл

Резервдик тизмедеги талапкерлерди каттоо

11-сентябрь, 2023 – жыл

Сабактарга катталуу

8-11-сентябрь, 2023 – жыл

Сабактар 17:00 кийин башталат

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

2.-  Магистратурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргызстан менен Түркиядан башка өлкөнүн жогорку окуу жайларынын бирин бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун таанылгандыгы (нострификациялагандыгы) тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Талапкер Түркиянын жараны болуп,  Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун таанылгандыгы (нострификациялагандыгы) тууралуу документти көрсөтүүсү керек.

3. ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу  түрүндөгү сынактын жыйынтыгы катары эсептелинет. ALES сынагынын  гуманитардык илимдер блогу же жалпы билим блогу боюнча жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын  жыйынтыгы  ALES  сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет.  Бул сертификаттын ээлери оозеки сынак тапшырууга милдеттүү. Ал эми аталган сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.

 

ДОКТОРАНТУРА (PhD)

1. Докторантурага магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле бакалавр даражасына ээ болуу менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте бир лабораториялык багытта адистигин далилдеген сертификатка ээ болгон талапкерлер тапшыра алат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50дөн жогору болушу зарыл.

2. Докторантурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргызстан менен Түркиядан башка өлкөнүн жогорку окуу жайларынын бирин бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун таанылгандыгы (нострификациялагандыгы) тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Талапкер Түркиянын жараны болуп,  Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун таанылгандыгы (нострификациялагандыгы) тууралуу документти көрсөтүүсү керек

3. ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу  түрүндөгү сынактын жыйынтыгы катары эсептелинет. ALES сынагынын  гуманитардык илимдер блогу же жалпы билим блогу боюнча жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын  жыйынтыгы  ALES  сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет.  Бул сертификаттын ээлери оозеки сынак тапшырууга милдеттүү. Ал эми аталган сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.

4. Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер  Түркия Республикасынын  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил (Англис, немис, француз, италия, испан, кытай, араб жана орус тилдери) сынагынан 50 баалдан жогору же Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 50 баллдан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Ошондой эле, Кыргыз-Түрк “Манас” университеттин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитилген, эл аралык деңгээлде кабыл алынган башка чет тили сынактарынан тиешелүү баллга ээ болуусу зарыл.  Чет тили боюнча эл аралык сынактардын баллы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “чет тили сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицасына” жараша эсептелинет. Чет тили факультетинин бүтүрүүчүлөрү өзүнүн негизги профилдик чет тилинен сырткары башка чет тили боюнча сынак сертификатын көрсөтүүгө милдеттүү. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ

Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын бүтүргөн же Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын  (билим берүү тили кыргызча жана/же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандарын жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен  түзүлгөн эки тараптуу келишимдерге ылайык тапшырып жаткан эл аралык студенттерди кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.

1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендиги 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.  Докторантурага тапшыра турган талапкерлер магистратура даражасына же беш жылдык жогорку билимге ээ болушу зарыл жана орточо жетишкендиги 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,50дөн жогору болушу шарт.

2. Кыргыз Республикасы жана/же Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу тастыктама берилиши керек.

3. Талапкерден чет тили боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкер үчүн ыңгайлуу тилде оозеки түрүндө гана билим сынагы өткөрүлөт.

КАТТАЛУУ ЖОЛДОРУ ЖАНА ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР

Катталуу үчүн документтерди  https://info.manas.edu.kg/sinav/ сайты аркылуу, түздөн-түз Коомдук илимдер институтуна тапшырууга же электрондук почта (bilgi.sbe@manas.edu.kg) аркылуу катталууга болот. Документтер 2023-жылдын 25-августуна чейин (Бишкек убактысы боюнча 17:30) кабыл алынат.

1.Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү шилтемеден (https://www.manas.edu.kg/kg/Graduate+School+of+Social+Sciences/formlar) көчүрүп алууга   же болбосо институттан электрондук почта (bilgi.sbe@manas.edu.kg) аркылуу сурап алууга болот.

2. Магистратура программасы үчүн бакалавр диплому жана көчүрмөлөрү, докторантура программасы үчүн магистрдик диплом же/жана беш жылдык жогорку билими боюнча диплому жана  көчүрмөлөрү. (Жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу тастыктама кабыл алынат). Студент катары катталуу учурунда документтердин түп нускасын тапшыруу керек.

3. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкерлер жана эл аралык студент катары тапшырган талапкерлер үчүн),  студент катары катталуу учурунда документтердин түп нускасы талап кылынат.

4.Аяктаган окуу жайдын тастыктамасы менен транскрипт. 

5. 2 даана 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт.

6. Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү.

7. ALES сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы же көчүрмөсү (Бул документти талапкер кааласа тапшырат).

8. Докторантура программасына тапшырып жаткан талапкерлер үчүн чет тили боюнча сертификаттарынын түп нускасы же көчүрмөсү.

 

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

1.Билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Кабыл алуу, катталуу жана билим алуу учурунда эч кандай акы талап кылынбайт.  

2.Магистратура жана докторантура программаларына өткөн студенттерге жетишкендигине жараша стипендия берилет (стипендиянын өлчөмү магистранттар үчүн эң аз 7200 сом, докторанттар үчүн 9600 сом).  

3.Ийгиликтүү студенттерге университетте толук эмес ставкада иштөө мүмкүнчүлүгү берилет.

4.Университеттин Ч. Айтматов атындагы кампусунда толук шарттары менен жатаканалар бар.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

  1. Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району,  Кыргыз-Түрк «Манас»  университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Коомдук илимдер институту 1-кабат, телефон: + 996 (312) 25 35 57  ички тел.: 107, Электрондук дарек: bilgi.sbe@manas.edu.kg, Whatsapp: +996(559) 761988 же +996(700)125056

2- Документтери туура эмес же толук эмес талапкерлердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

  1. Билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Эне тили кыргыз жана түрк тили болбогон же бакалавриатта бул эки тилдин биринде билим албаган талапкерлер (бул эки тилди билгенин тастыктоочу сертификаты болбосо) бул тилдерден сынакка киришет (босого балл 67). Тилден бошотуу сынагы (кыргыз тили жана/же түрк тили боюнча) 2023-жылдын 07-08-сентябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан өткөрүлөт. Тилдердин бирин же экөөсүн тең ийгиликтүү тапшыра албагандар, каалоосу боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил үйрөтүү боюнча даярдоо программасына катыша алат.

 

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

 

Адистиги боюнча билим сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө) офлайн жана/же онлайн түрүндө өткөрүлөт.

Онлайн өткөрүлө турган сынактарда:

Жазуу түрүндөгү адистик сынак: Суроолор Google Classroom программасына жүктөлөт  жана сынактын акырында талапкер жооп баракчасын Google Classroom программасына жүктөөсү зарыл. Сынак Zoom программасы аркылуу интерактивдүү негизде жүргүзүлөт жана видеосу жаздырылып алып, укуктук жактан көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат.

Оозеки сынак: Zoom программасы аркылуу интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоо жүргүзүлөт.

 

Жазуу жана оозеки сынактардын учурунда электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышкан техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албай калса, же катышкан учурда да сынактын тиешелүү талаптарын аткара албай калган учурда, сынак жараксыз деп табылат жана талапкерге кайра сынакка катышуу укугу берилбейт.

Сынактарга катталган талапкерлерге Zoom жана Google Classroom аркылуу онлайн сынактарга кирүү үчүн институт тарабынан ….@manas.edu.kg даректүү убактылуу электрондук почта түзүлөт жана дарек талапкердин каттоо учурунда көрсөткөн электрондук дарегине жиберилет. 

 

 

БИЛИМ БАГЫТТАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫ ЖАНА КВОТАЛАРЫ

МАГИСТРАТУРА

 

 

 

БИЛИМ БАГЫТЫ

 

КВОТА

 

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН АДИСТИК БАГЫТТАРЫ

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ

 

МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА БАЗАЛЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

 

 

КР

 

 

ТР

 

 

ЭА

Дене тарбия

6

2

0

Гуманитардык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Дене тарбия, дене тарбия жана спорт  багыттарынын бүтүрүүчүлөрү.

Журналистика

4

4

2

Гуманитардык,

Орток жыйынтык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Коммуникация факультетинин (журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш ж.б.) бүтүрүүчүлөрү же социология, психология, саясат таануу, эл аралык мамилелер, менеджмент, филология жана педагогика бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү*.

Менеджмент

5

3

2

Орток жыйынтык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Менеджмент, экономика, мамлекеттик финансы, финансы жана кредит,  эмгек экономикасы, адам ресурстарын башкаруу жана саламаттыкты сактоо менеджменти бөлүмдөрүнүн, туризм факультетинин/ жогорку мектебинин туризмди башкаруу, инженердик факультеттердин өнөр-жай инженерлиги, башкаруу инженерлиги жана системалык инженерлик бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү. 

Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер, кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган учурда,   программанын багытына карата илимий даярдоо курсуна катышат.

Мейманкана иши

4

2

1

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Туризм, мейманкана иши, саякат иши жана гид кызматы,  сервис жана кулинардык өнөр, рекреация жана башка (менеджмент,  экономика, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер жана коммуникация) багыттарынын бүтүрүүчүлөрү*.

Педагогика (Педагогика)

3

3

1

Орток жыйынтык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

- ЖОЖдордун Педагогика факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү.

- Cоциология, тюркология, философия, теология, тарых, филология, математика, биология, психология, синхрондук котормо,  көркөм өнөр, компьютердик инженерия жана  дене тарбия бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү*.

-Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен же Түркиядагы университеттерден педагогикалык багыттагы  формациялык сабактардан сертификат алган болуусу.

Педагогика (Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк)

2

1

1

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Психологиялык-педагогикалык кеӊеш-кѳмѳк же психология бѳлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү.

Социология

3

3

2

Гуманитардык,

Oрток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Социология,  саясат таануу,  мамлекеттик башкаруу,  фольклор, түркология, статистика, социалдык кызмат, философия, психологиялык кеңеш, коммуникация, эл аралык мамилелер, теология, тарых, коом менен байланыш, туризм, экономика, антропология, укук,  шаар пландоо жана архитектура  адистиктеринин бүтүрүчүлөрү*.

Тарых (Тарых)

5

5

2

Гуманитардык

Талапкер кааласа  сертификат тапшырат

Тарых адистиги боюнча бакалавр же бул адистик боюнча 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ бүтүрүүчүлөр.

Тарых (Архелогия  жана социалдык антропология)

3

3

2

Гуманитардык

Талапкер кааласа  сертификат тапшырат

Тарых, археология жана социалдык антропология адистиги боюнча бакалавр же бул тармактар боюнча 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ бүтүрүүчүлөр.

Теология

5

2

1

Гуманитардык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Теология, Ислам таануу факультетинин же болбосо башка жогорку диний билим берген программалардын бүтүрүүчүлөрү.

Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер экзаменди ийгиликтүү тапшырган учурда бир жылдык илимий даярдоо курсунан өтүүсү зарыл.

Философия

5

3

2

Гуманитардык,

Oрток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Философия бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү; философия бөлүмүнөн сырткаркы баардык бөлүмдөрдүн бүтүрүүчүлөрү *.

Филология (Түркология)

5

5

2

 

Гуманитардык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Түркология, филология, лингвистика бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү

Лингвистика (Котормо жана котормо таануу)

6

2

2

Oрток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Англис тили: Англис тили жана адабияты, синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-  аглисче программасынын бүтүрүүчүлөрү.

 

Орус тили:  Орус тили жана адабияты, синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасынын бүтүрүүчүлөрү.

 

Түрк тили: Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча- түркчө программасынын же болбосо Кыргызстандагы ЖОЖдордун Түрк тил     илими бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү.

Экономика

4

2

2

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Экономика, финансы, финансы жана банктык иш, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик финансы, эл аралык экономика, дүйнөлүк экономика, эл аралык экономикалык мамилелер, эл аралык мамилелер багыттары боюнча бүтүрүүчүлөр*.

Эл аралык мамилелeр

2

2

1

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Эл аралык мамилелер, саясат таануу, саясат таануу жана эл аралык мамилелер, социология, тарых, мамлекеттик башкаруу, укук, экономика  бөлүмдөрүнүн  бүтүрүүчүлөрү *

 

 

ДОКТОРАНТУРА (PhD)

БИЛИМ БАГЫТЫ

КВОТА

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН АДИСТИК БАГЫТТАРЫ

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ (Милдеттү)

ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА МАГИСТР ДАРАЖАСЫ ЖЕ  5 ЖЫЛДЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

КР

ТР

ЭА

Журналистика

1

1

1

Гуманитардык,

Oрток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Англис тили, орус тили**, немис тили, француз тили, испан тили, италиян тили,  

кытай тили,

араб тили.

Коммуникация (журналистика) же коомдук-гуманитардык илимдердин социология, психология, саясат таануу, эл аралык мамилелер, менеджмент,  адабият, тарых жана педагогика  багыттарында магистратура же ушул багыттарда  5 жылдык адистик дипломуна ээ болгон  бүтүрүүчүлөр*.

Менеджмент

2

2

1

Орток жыйынтык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Англис тили, орус тили**, немис тили, француз тили, испан тили, италиян тили,

кытай тили.

Менеджмент, экономика,  мамлекеттик финансы, финансы жана кредит,  эмгек экономикасы, адам ресурстарын башкаруу, сапатты башкаруу, эл аралык мамилелер, туризм жана мейманкана иштетүү, эл аралык соода жана логистика, саламаттыкты сактоо менеджменти, өнөр-жай инженериясы багыттарында магистратуранын бүтүрүүчүлөрү.

 

Башка адистиктер боюнча бүтүргөн талапкерлер, кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган учурда,   программанын багытына карата илимий даярдоо курсуна катышат.

Педагогика

1

1

1

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Англис тили,

немис тили,

орус тили**, француз тили.

Педагогика же предметтик мугалимдик багыттардын биринде магистратура программасынын бүтүрүүчүсү же бул тармактарда  5 жылдык адистик  жогорку билими тууралуу дипломго ээ болгон  бүтүрүүчүлөр.

Тарых

2

2

1

Гуманитардык

Талапкер кааласа  сертификат тапшырат

Англис тили, орус тили**.

Тарых, археология, социалдык антропология, искусство тарыхы, социология, философия, укук адистиктери, эл аралык мамилелер, саясий илимдер, мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасына ээ болгон, же бул тармактар боюнча 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ бүтүрүүчүлөр*.

Теология

4

2

1

Гуманитардык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Англис тили, араб тили.

Теология, Ислам илимдери же болбосо диний багытта магистратура же болбосо бул багыттарда 5 жылдык  жогорку билимге ээ бүтүрүүчүлөр.  Башка адистиктер боюнча магистр даражасына ээ болгон талапкерлер сынакты ийгиликтүү тапшырган учурда бир жылдык илимий даярдоо курсунан өтүүсү зарыл.

Филология (Түркология)

2

2

1

Гуманитардык

 

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

 

Англис тили, орус тили**.

Түркология, тил илими, филология багыттарынын биринде магистратура же 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ бүтүрүүчүлөр.

Экономика

3

1

1

Орток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Англис тили, орус тили**,

немис тили, француз тили.

Экономика,  финансы жана бактык иш,  мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик финансы,  эл аралык экономика,   дүйнөлүк экономика,   эл аралык экономикалык мамилелер,  эл аралык мамилелер,  укук багыттарында магистрдик дипломго же бул багыттарда 5 жылдык адистик  жогорку билими тууралуу дипломго ээ болгон  бүтүрүүчүлөр*

Социология

2

2

1

Гуманитардык,   Oрток жыйынтык

Талапкердин  каалоосу боюнча  сертификат тапшырылат

Араб тили, англис тили, кытай тили, немец тили,

орус тили**, француз тили.

Социология,  саясат таануу,  мамлекеттик башкаруу,  фольклор,  түркология, статистика, социалдык кызмат, филсофия, психологиялык кеңеш, коммуникация, эл аралык мамилелер, теология, тарых, коом менен байланыш, туризм, экономика, менеджмент, антропология, укук,  шаар пландоо жана архитектура  адистиктери боюнча бакалавр жана магистратура программасынын же бул багыттарда 5 жылдык адистик  жогорку билими тууралуу дипломго ээ болгон  бүтүрүүчүлөр*.

 

 

 

 

КР: Кыргыз Республикасынын жараны; ТР: Түркия Республикасынын жараны; ЭА: Башка өлкөнүн жарандары.

 *  -Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программанын багытына карата илимий даярдоо курсуна катышат.

** -КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.