Экономика боюнча магистратура программасы эки жылдык программа болуп саналат. Бул программа  бүтүрүүчүлөрүнө экономика жана коомдук илимдерде колдонулуучу алдыңкы сандык ыкмалар жана экономиканын негиздери  багытында  магистр даражасын берүү максатында иштелип чыккан.

Бул программанын алкагында  студент тандоо курстары менен айкалышкан микро жана макроэкономика, эконометрика сыяктуу негизги экономикалык дисциплиналар боюнча жакшы пайдубалга ээ болот. Программанын бүтүрүүчүлөрү прикладдык изилдөө жана экономикалык анализ боюнча билимге ээ болуу менен бирге, эмгек рыногунда жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү жана PhD докторантурага тапшырууга даяр болушат.