Филология (англис тили жана адабияты)” багыты боюнча магистратура программанын максаты салттык жана заманбап англис маданиятын, ошондой эле дүйнө элдеринин эң мыкты баалуулуктарын сын көз менен өздөштүрүп, жалпы адамзаттын билим, илим, маданият жана саясатынын өөрчүшүнө салым кошо турган билимге ээ жана аны эффективдүү колдоно алган жогорку квалификациядагы англис тилчи жана адабиятчыларын даярдоо болуп эсептелет. Магистранттар төмөндөгү берилген илимий багыттарда өздөрүнүн изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алышат:  типологиялык жана салыштырма тил илими, когнитивдүү лингвистика, тилди үйрөнүүнүн дискурсивдүү аспектиси, көркөм текстти интерпретациялоо, салыштырма адабият, чет тилдерин окутуудагы инновациялык технологияны колдонуу. Магистратура программанын бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү багыттарда иштей алышат: университеттерде, орто мектептерде, атайын адистик окуу жайларда, тил борборлорунда, изилдөөчү катары фонд жана проекттерде, мамлекеттик жана эл аралык уюмдарда, котормо бюролорунда; массалык маалымат каражаттарда.