Тарых – бул өтмүш жөнүндөгү илим. Анын негизги максаты - өтмүштү туура, калыс, объективдүү, таануу жана таанытуу менен тарыхый чындыкка жетүү.

«Чындыкты бурмалоо менен күнөөсүз калуу мүмкүн эмес. Чындыкты бурмалоо – аалымга жарашпай турган иш, ал ошол эле учурда – саясий абийирсиздик». (Арнольд Тойнби)

«Тарых – окуялардын тизмеги эмес, ал өткөн мезгилде коомдун жашоосунун баардык этаптарын диний, укуктук, саясий, экономикалык жана башка белгилүү инстуттардын пайда болуш себептерин изилдөө, окуялар арасындагы байланыштар жана бүтүндүктү алып чыгуу аркылуу өз мезгилинин таасирдүү пикирине жана психологиялык шарттарына ылайыктуу корутунду чыгаруу болуп эсептелет».

Бул тарых бөлүмүнүн негизги философиясы жана илимий түшүнүгүнө кирет.

 

Иш мүмкүнчүлүктөрү

Тарых багытынын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иштей алышат:

  • Илимий, саясий, башкаруу, кеңеш берүү жана билим берүү иш-чараларында;
  • Орто окуу жайларында, лицейлерде, кесиптик жогорку окуу жайларында жана колледждерде;
  • Маданият жана ар түрдүү билим берүү тармактарында (музей, китепкана, архив, маданий баалуулуктарды колдогон уюмдар, менчик фонддор).
  • Маалымат каражаттарында (радио, телевидение, гезит жана журналдарда, саясий эксперт катарында).
  • Мамлекеттик агентстволордо, жергиликтүү жана эл аралык институттарда, фонддордо (кызматкер, кеңешчи ж.б. кызматтарда).
  • Мамлекеттик органдарда (борбордук жана аймактык башкарууда).

 

Билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрү

Тарых багыты боюнча магистратураны аяктаган студенттер КТМУ Коомдук Илимдер Институтунун докторантурасында билимин улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.