2023-06-13


Мамлекеттик экзамен суроо тизмеси 2022-2023


1. Тарых булагы деген эмне? Тарых булактарынын түрлөрү кандай? 
2. Кыргызтаануу маселесинин жаралышы, өнүгүү багыттары (XVIII-к.экинчи жарымы.- XIX-к). 
3. Кокон шаарында түзүлгөн Түркстан Улуттук Автономиялык Республикасы жана анын натыйжасы жөнүндө маалымат бериңиз. 
4. Байыркы түрк маданияты тууралуу кыскача маалымат бериңиз.
5. Тарыхнаама жөнүндө түшүнүк, изилдөө методдору, тарыхнааманын тарых илиминдеги орду тууралуу маалымат бериңиз. 
6. 1920-30-жж. Кыргызстандагы тарых илиминин жаралышы, изилдөө багыттары. 
7. Байыркы түрктөр мезгилиндеги рун сымал жазма эстеликтердин тарых илиминдеги орду жана мааниси кандай? 
8. Россия падышачылыгынын Түркстанга басып кириши жөнүндө маалымат бериңиз. 
9. 1916-жылдагы Түркстандагы улуттук боштондук кыймыл жөнүндө маалымат бериңиз. 
10. Илимий изилдөөнүн салыштырмалуу анализи кандай жасалышы керек Салыштырмалуу изилдөө методу деген эмне? 
11. Кыргызстандын Россияга каратылышынын тарыхнаамасы.
12. Тарыхый процесстеги демографиялык фактор. 
13. Орто кылымдардагы араб, перс жана түрк жазма булактар боюнча кыскача маалымат бериңиз. 
14. Кыргыз элинин келип чыгышынын тарыхнаамасы. 
15. Тарых илими башка илим тармактары менен эмне үчүн бирге изилдениши керек жана эмне үчүн башка илимдер менен байланышта болушу керек? 
16. Түркстандагы басмачылык жөнүндө маалымат бериңиз. 
17. Түрк-монгол доорундагы араб, перс жана түрк жазма булактар боюнча кыскача маалымат бериңиз. 
18. Тарых илимине жаратылыш факторунун тийгизген таасири туурасындагы идеялардын өнүгүшү. 
19. Кыргызстандын Россияга каратылышынын тарыхнаамасы. 
20. Жалпы түрк элдеринин тарыхы боюнча негизги тарыхий булактар кайсылар? 
21. Тарых илиминдеги Ооз эки тарыхый изилдөө методунун орду. 
22. Марксизм теориясындагы тарыхтын кыймылдаткыч күчү. 
23. Алаш Ордо өкмөтү жөнүндө маалымат бериңиз. 
24. Тарых изилдөөлөрүндө дисциплиналар аралык байланыштар деген эмне? 
25. Кокон хандыгынын тарыхнаамасы тууралуу маалымат бериңиз. 
26. Ассириянын соода-экономикалык колониялары тууралуу маалымат бериңиз. 
27. Лидия менен Мидиянын саясий-экономикалык байланыштары тууралуу маалымат бериңиз. 
28. Хеттердин тышкы саясат тууралуу маалымат бериңиз. 
29. Иссе согушу тууралуу маалымат бериңиз. 
30. Кызылырмак согушу тууралуу маалымат бериңиз.