Багыт: Эл аралык мамилелер

Диплом: магистр (Жогорку билим)

Окуу мөөнөтү: 2 жыл

Окуу түрү: Күндүзгү

Бүгүн эл аралык мамилелер дегенде жалгыз гана мамлекеттер арасындагы аракеттешүү түшүнүгү менен чектелбестен ар кандай жамааттар, коомдук уюмдар, айрым адамдар жана транснационалдык субъекттер арасындагы мамилелер болгондугу да эске алынышы керек. Эл аралык мамилелер багытында магистратура программасы дүйнөлүк саясатты үйрөнүгө жана талкуулого мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге, глобалдашуу процессинде  эл аралык мамилелердин улуттук, регионалдык жана глобалдуу аспекттери менен актуалдуу маселелер боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылмакчы. Ошондой эле академиялык жана изилдөөчүлүк багытта билимин жогорулатууну каалаган талапкерлердин магистр даражасын алышына мүмкүнчүлүк түзүп берет. Эл аралык мамилелер боюнча магистратура программасынын негизги максаттары эл аралык мамилелер багытында адистерди даярдоо, улуттук же эл аралык деңгээлде биргелешип иштөөнүн негизинде илим, билим жана маданияттын өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

Ошондой эле талапкерлерге карата;

  • Эл аралык мамилелер багытында илим жана билимин өркүндөтүү жөндөмдүүлүгүнө, 
  • Улуттук, региондук жана глобалдык динамикалар жөнүндө билим алуу жана анализ жүргүзө билүү жөндөмүнө,
  • Көйгөйлүү маселелерди чече билүү жана анализ жүргүзө билүү жөндөмүнө, 
  • Өз ой-пикирин так жана таасирдүү жаза билүү жөндөмүнө ээ болууну максат кылат.