Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде магистратура программалары 2001-жылы ачылган. «Менеджмент» (580200) магистратура программасы эӊ биринчи ачылган программалардын бирөөсү болуп саналат.

Магистратурага кабыл алуу жылына бир жолу ишке ашырылып турат. Магистратурага кабыл алуу квоталары жыл сайын 6дан 10 орунга чейин өзгөрүп турат. Магистратурада окуу күндүзгү жана бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Ийгиликтүү магистранттарга стипендия берилет.

Ошондой эле магистранттардын Мевлана, Орхун жана Эрасмус+ сыяктуу алмашуу программаларына катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

2021-2022 – окуу жылында программада жалпысынан 10 магистрант билим алып жатат жана алардын 10у эркектер.

Программа алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2004-жылы чыгарган. Азыркы күнгө чейин «Менеджмент» программасынан жалпы 57 магистрант бүтүрүп чыкты.

Магистратура программасынын окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин стандартына ылайык, ошондой эле рыноктун жана башка кызыкдар тараптардын суроо-талаптарын эске алуу менен түзүлгөн.

«Менеджмент» кафедрасы Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Коомдук илимдер институтунун түзүмдүк бөлүмү болуп, «580200 Менеджмент» багыты боюнча магистранттар арасында окутуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери жана өз алдынча иштерди жүргүзөт.