Мейманкана иши багыты
2014-2015-окуу жылынан тарта Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Социалдык илимдер институтунун Мейманкана иши багыты боюнча магистратурага студенттерди кабыл ала баштаган. Программанын миссиясы – бүткүл дүйнөдөгү, өзгөчө Түрк дүйнөсүндөгү туризм тармагы үчүн орто жана жогорку даражадагы менеджер талапкерлерин эл аралык кесиптик компетенттүүлүк стандарттарына ылайык, түрк тектүү жана универсалдуу инсан катары даярдоо. 
Программанын концепциясы  - бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясы менен туризм тармагында билим берген окуу жайлардын арасында дүйнөдө таанылган бренд болуу.

МАГИСТРАТУРА КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ

1) Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек, 2) Магистратурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек, 3) Кирүү сынактарында,  ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык деңгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл;  GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Тесттердин гуманитардык илимдер блогу же болбосо орток жыйынтыктары эсепке алынат.  Бирок бул талапкерлер оозеки сынак тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү кирүү сынактарын тапшырууга милдеттүү.

 

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ

Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын,  Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын  (билим берүү тили кыргызча же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандары, жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети   менен  түзүлгөн эки тараптуу келишимине ылайык тапшырып жаткан чет мамлекеттин жарандарын эл аралык студент катары кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.

Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

Кыргыз Республикасы же болбосо Түркия Республикасынын жооптуу мекемелери тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу тастыктама бериши керек.

Талапкерден чет тил боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкерге сунушталган тилдердин биринде оозеки билим сынагы өткөрүлөт.