БИЛИМ БАГЫТЫ:  530600-« ЖУРНАЛИСТИКА»

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Журналистика багытындагы докторантура (PhD) программасынын миссиясы докторанттардын коомдук, жеке адамга жана медиага багытталган илимий изилдөөлөрдү дисциплиналар аралык көз-караш менен жүргүзүүсүнѳ шарт түзүү, жаңы коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өзгөрүлгөн комуникация тармагын анализ кылуу жөндөмдөрүн ѳнүктүрүү; медиа тармагында жана илимий чөйрөдө топтогон тажрыйбасы менен бирге аларга журналистика, коомдук байланыштар жана жарнама, радио, телекөрсөтүү жана кино жаатында кесиптик этикалык принциптерге негизделген илимпоздорду даярдап чыгаруу.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасы докторанттардын дисциплиналар аралык теорияларды  жана ыкмаларды өздөштүрүүсүнө, тарыхый, социалдык жана саясий контекстте коммуникация илимине анализ жүргүзүүсүнө багытталат. Ошону менен бирге коммуникация чөйрөсүндөгү улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги орчундуу маселелерди чечүүдѳ жол кѳрсѳтүп, багыт бере алган докторанттарды даярдоону көздөйт.  
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасында билим берүү жана илимий иштерди жүргүзгөн илимпоздор ѳздѳрүнүн кесиптик тармагына байланыштуу долбоор жана илимий изилдѳѳлѳрү аркылуу илимий ѳнүгүүгѳ салым кошкон институционалдык кызматташтыкты жүзөгө ашырууну көздөйт.    

МАКСАТ

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин миссиясына жана перспективасына ылайык, кесиптик этиканын негизинде билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, социалдык жоопкерчиликти терең түшүнгөн келечектеги илимпоздорду тарбиялоону максат кылат.

Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасы коммуникация илимдеринин учурдагы ыкмаларын мыкты ѳздѳштүргѳн, коммуникация илиминин көп тармактуу ѳзгөчѳлүгүн түшүнгөн илимпоздорду тарбиялоо менен илимге жана коомдук өнүгүүгө салым кошууну максат кылат.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасындагы илимий изилдѳѳ тармактары тѳмѳнкүлѳр:

  • Коммуникация изилдѳѳлѳрү
  • Массалык коммуникация
  • Журналистика
  • Коомчулук менен байланыш
  • Радио, телевидение жана кино
  • Реклама
  • Саясий коммуникация
  • Коммуникациянын социологиясы

Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасын бүтүргѳн докторанттар жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тармактардын бири боюнча адис катары даярдалып чыгат.

Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасы коомдук илимдердин кээ бир тармактарында магистрдик даражага ээ болгон магистранттардын докторантурада окуусуна мүмкүнчүлүк берет.

  1. Докторантура программасын жүргүзүү үчүн алты (6) аудитория, эки (2) семинар залы жана компьютердик лаборатория колдонулат. Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасында окуган докторанттардын улуттук жана эл аралык илимий ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн Борбор Азияга эң ири маалымат ресурстарына ээ Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепканасынын маалымат базасы PhD программасы боюнча бардык докторанттарга акысыз кызмат көрсөтөт.
  2. Докторантура программасын жүргүзүү үчүн учурда толук ставкадагы эки (2) профессор, бир (1) доцент, төрт (4) жардамчы доцент, жалпы жети (7) окутуучу иштешет. Тийиштүү окутуучулардын бардыгы толук ставкада.  Алардын ичинен үч (3) окутуучу Түркиялык адистешкен илимпоздор. Профессорлук-окутуучулук курамдын төрт (4) мүчөсү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен. Бардык окутуучулар чет өлкөлөрдө өз тармагында изилдөөчүлөр менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет.
  3. Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасы илимий өнүгүүлөргө жана инновацияларга ылайык жаңыланат.

Журналистика багытынын докторантура (PhD) программасындагы кээ бир илимий изилдѳѳ тармактары тѳмѳнкүлѳр болуп эсептелет:

  • Коммуникация изилдѳѳлѳрү
  • Массалык коммуникация
  • Журналистика
  • Коомчулук менен байланыш
  • Радио, телевидение жана кино
  • Реклама
  • Саясий коммуникация
  • Коммуникациянын социологиясы