БИЛИМ БАГЫТЫ:  580100-« ЭКОНОМИКА»

  • (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Кыргыз-Түрк Манас Университети Экономика багытынын миссиясы ааламдашуу доорунда Түрк мамлекеттеринин муктаж болгон адистеринин өсүп жетилүүсүнө жана технологиянын өнүгүшүнө өз салымын кошуу, базар экономикасына жаңыдан өткөн Түрк мамлекеттеринде эркин экономикага өтүүнү камсыз кылуучу адистерди жана ишкерлерди даярдоо, өнөр жай, соода жана бардык секторлор менен университеттин ортосундагы байланышты бекемдөө жана көйгөйлөрдүн чечилишинде илимий салымдарды кошуу менен бирге, экономикалык, саясий, маданий жана башка маселелерди чече билген, глобалдык деңгээлде ой жүгүрткөн, жергиликтүү ой-толгоо жана баалуулуктары бар, Кыргызстанды жана университетибизди сыймык менен  тааныткан  жаштарды келечекке даярдоо болуп саналат.

МАКСАТЫ

Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Экономика багытынын негизги максаты Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүн камсыздай ала турган жана бүткүл Борбордук Азия аймагында экономикалык өнүгүүгө салым кошо турган экономикалык билими күчтүү, жаратман адистерди даярдап чыгаруу. Ошондой эле, заманбап билимге ээ болгон адистерди даярдоого шарт түзө турган эл аралык билим стандарттарындагы өнүгүүлөрдү эске алган окуу программасынын негизинде иш алып барууга, жаштарга коомдун талабына жооп бере турган теориялык билимдерди үйрөтүүгө аракет кылуу. Коюлган максаттардын алкагында экономика тармагында теориялык жана эмпирикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу билим жаратуу, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги конференцияларды уюштуруу менен билим жана тажрыйба алмашууну жакшыртуу, ошондой эле, экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишине жана экономикалык саясаттарды иштеп чыгууга салым кошуу багытында иш-аракеттерди жүргүзүү.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  • докторантура программасынын айрым илимий багыттары төмөнкүлөр:
  • Микроэкономика
  • Макроэкономика
  • Экономикалык өсүү жана өнүгүү
  • Эконометрика
  • Саламаттыкты сактоо экономикасы
  • Экономикалык кызматташтык жана интеграция
  • Аймактык жана дүйнөлүк экономика
  • Эл аралык экономика

Экономика багыты боюнча докторантура программасын аяктаган докторанттар жогоруда белгиленген багыттардын бири боюнча адис болушат.

Экономика багытында магистратура же адистик даражасына ээ болгон студентер үчүн докторантурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүн сунат.

  1. Докторлук программаны аткарууда төрт (4) аудитория, бир (1) семинар залы жана компьютердик лаборатория бар. Экономикалык докторантура программасында окуган докторанттардын улуттук жана эл аралык илимий булактарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн Орто Азиянын эӊ ири булактарына жетүү мүмкүнчүлүгү болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин маалымат базасы Китепкана башкармалыгы тарабынан бардык студенттерге акысыз кызмат көрсөтөт.  Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин борбордук жана башка аймактардагы үч башка китепканасы тарабынан миӊдеген басылмалар студенттерге акысыз түрдө сунулат. 
  2. Докторантура программасындагы окутуу иштери, учурда толук ставкадагы үч (3) профессор, бир (1) доцент PhD, жана алты (6) доценттин милдетин аткаруучу PhD курамынан турган, өз багыттарында адис болгон он (10) окутуучу тарабынан жүргүзүлүүдө. Аталган окутуучулардын баары толук ставкадагы окутуучулар болуп саналат. Бул окутуучулардын кээ бирлери докторантураларын чет өлкөлөрдө аякташкан. Бардык окутуучулар өз багыттарында адистешкен изилдөөчүлөр менен дайыма чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт жана илимий иш-чараларга катышышат. Эки (2)  окутуучу Түркиянын кадыр барктуу университеттеринен бөлүмүбүзгө кеминде беш (5) жылга дайындалган экономиканын ар кандай багыттарында адистешкен илимпоздор.