БИЛИМ БАГЫТЫ:  530400-« ТАРЫХ»

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

  • Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых багыты боюнча PhD программасынын миссиясы - студенттердин билим алуусунда жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүндө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү; тарых багытында актуалдуу темаларды изилдөө аркылуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; тарых багытында изилдене элек темаларды, маселелерди изилдөө аркылуу илим айлампасына киргизүү  аркылуу  салым кошуу; тарых багытында илим дүйнөсүнүн талабына ылайык темаларда изилдөө жүргүзүү; тарых багытында илимий изилдөөлөргө байланышкан проекттерди ишке ашыруу; илимий изилдөөлөрдөн сырткары саясий, административдик, кеңешчи жана  билим берүү иш-аракеттерин жүргүзүүлөрүнө шарт түзүү; маданий жана билим берүү сфераларында (музей, китепкана, архив, айкелдерди жана маданий мурастарды коргоо фонддору, жеке фонддор) илимийтизилдөөлөрдү жүргүзүү болуп эсептелет.
  • Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых багыты боюнча PhD программасы тарых багыты менен чектелбестен дисциплиналар аралык ар түрдүү темаларды камтыган изилдөөлөр менен мамлекеттик деңгээлде жана эл аралык денгээлде билимге салым кошууну максат кылат. 
  • Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых багыты боюнча PhD программасында билим берген академиялык топ илимий багытта жана проекттерде илимий изилдөөлөр аркылуу илим дүйнөсүнө чоң салым кошуп келет.

МАКСАТ

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тарых багыты боюнча PhD программасы аты аталган университеттин эл аралык аренадагы илим дүйнөсүндө жана заманбап билим берүүдө өнүгүү аркылуу келечекте тарых багыты боюнча академиялык кадрларды даярдоо менен билимге жана коомдук  өнүгүүгө өзүнүн салымын кошуп келет.  Университеттин уставы боюнча Түркия Республикасында тарых кесибинде дасыккан адистерди эң аз беш жылга келишим аркылуу Тарых багытында  кызмат өтөп берүүлөрү үчүн алынып келинет. Тарых багаытында билим алган докторантурадагы студенттер заманбап, эл аралык денгээлде жогорку билим алуусуна шарт түзүлгөн жана университет мындай жагдайды негизги максат катары тутунат. Тарых багыты боюнча PhD программасы XXI кылымдын эл аралык аренасында илимий жактан дасыккан мыкты адис даярдоону максат кылат. 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Тарых багыты боюнча PhD программасы төмөндөгүдөй тарых доорлоруна жараша илимий изилдөөлөрдү камтыйт:

  • Байыркы доор
  • Орто кылым
  • Жаңы доор
  • Жакынкы доор
  • Тарых жана социология
  • Тарых жана философия
  • Экономика тарыхы
  • Саясий тарых
  • Маданий тарых
  • Этнография жана башка.

Тарых багыты боюнча PhD программасында окуган студенттер жогоруда белгиленген багыттын бирине тиешелүү темада илимий  изилдөө жүргүзөт,  илимий ишин коргойт, илим дүйнөсүнө өз салымын кошот.

1. Тарых багыты боюнча PhD программасын ишке ашыруу үчүн 10 дарскана, 2 семинар дарсканасы бар. Тарых багыты боюнча PhD программасында окуган студенттердин өз илимий иштерин толук кандуу ишке ашыруусу үчүн  эл аралык деңгээлде түзүлгөн, булактарга бай университеттин китепканасы бар. Университетте 3 чоң китепкана миңдеген басмалардан чыккан китептер дүйнөсү аркылуу студенттерге акысыз кызматын сунуп келет.

2. Тарых багыты боюнча PhD программасында студенттерге 3 тарых илимдеринин доктору, профессор; 3 тарых илимдеринин доктору, доцент; 3 тарых илимдеринин доктору, жардамчы доцент –жалпысынан он бир академиялык персонал билим берип келет.  Аталган академиялык топ университетте толук штатта иштегендер болуп саналат. Булардын арасынан кээ бирлери илимдин докторлугун башка мамлекеттерден коргогондор. Академиялык персоналыбыз башка мамлекеттерде тынымсыз илиздөө иштерди жүргүзүп келишет. Булардан төртөө тарых багытында эң алдыңкы катарда болгон Түркиядагы университеттерден бизге келип эң аз беш жыл кызматын сунуу максатында келген кесиптештер, тарых багытында дасыккан мугалимдер болуп эсептелет.

3. Тарых багыты боюнча PhD программасы илимий иштерге жана жаңылыктарга тынымсыз сугарылып, жаңыланып турат.

Тарых багыты боюнча PhD программасында илимий изилдөөлөр боюнча багыттар:

  • Саясий тарых
  • Маданий тарых
  • Экономика тарыхы
  • Оозеки тарых
  • Тарыхый география
  • Архив булактары
  • Жазма булактар
  • Археологиялык булактар ж.б.