БИЛИМ БАГЫТЫ:  541000-« СОЦИОЛОГИЯ»

  • (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Социология бѳлүмүнүн PhD программасынын миссиясы докторанттарды коомдук түзүлүштү жана социалдык өзгөрүүлөрдү түшүнүү, социалдык көйгөйлөрдү талдоо жана чечүү жолдорун табуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимди өркүндөтүү болуп саналат. Бул жагынан алганда, эл аралык деңгээлде билим берген, маалыматты даярдаган, дисциплиналар аралык түшүнүккө ээ; коомдук жашоону түзүү, ѳзгѳртүү жана ѳнүктүрүү динамикаларын жергиликтүү дагы, ааламдык дагы деңгээлде түшүнгѳн, чечмелей алган, сын кѳз караш менен карай алган; коомдук маселелердин аныкталышына жана чечилишине карай социалдык, маданий, саясий жана экономикалык саясатты ѳнүктүрүүгѳ салым кошкон; жеке жана мамлекеттик сектордо иш алып барган мекемелер жана уюмдар үчүн окутууларды өткөргөн жана өздөрүн тынымсыз өркүндөтүп турган квалификациялуу окумуштууларды жана адистерди даярдайт.

Программа заманбап илимди жана технологиялык өнүгүүлөрдү байкоого алышы; бул ѳнүгүүлѳрдү өлкөнүн өнүгүшү, башкаруусу, коомдук жашоосу, өнүгүү динамикасы, жаратылышы жана айлана чөйрөсү жөнүндө кабардар болуу менен ушул өнүгүүлөрдү иш жүзүнө ашырууда; биринчи кезекте жаш муундарга жана иштин туруктуулугуна илимий маалыматтын негизинде кесипке ээ болуу менен билим берүүдѳ; изилдөөчүлөр менен илимпоздор үчүн натыйжалуу инфраструктураны камсыз кылуу менен илимдин өнүгүшүнө салым кошуу; илими ѳнүккѳн алдыңкы өлкөлөр менен болгон жолугушууларга катышуу жана университеттин бардык илимий платформасында абройлуу абалга жеткирүүдѳ көйгөйлөрдү чечүү, биргелешип иштөө, илимий этика, сынчыл ой жүгүртүү, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, заманбап жана жаңычыл болуу принциптеринин алкагында жүргүзүлѳт. 

Эл аралык билим менен сугарылган, жалпы эле коомдук илимдер жана негизинен социология сабактарынын теориялык, методологиялык жана этикалык даярдыкка ээ, жергиликтүү, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сыйлаган жана социалдык сезимталдыкка ээ социологдорду тарбиялоо.

Дүйнөдөгү процесстерди жана кубулуштарды жана буга катарлаш өнүгүп келе жаткан социологиялык кѳз караштарды, өзүнүн маданий аймагында дагы, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн масштабында дагы жаңы изилдөөлөрдүн жана ыкмалардын пайда болушун камсыз кылуу.

Кыргыз-Түркия Манас университетинин Социология бөлүмүнүн PhD программасында билим берген окутуучулар илимий багыттары боюнча институционалдык жана жеке аткарылган долбоорлорду, изилдөөлѳрдү Түркиядан тартып башка түрдүү ѳлкѳлѳр менен кызматташууну максат кылат.

МАКСАТ       

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Социология бѳлүмүнүн PhD программасынын негизги концепциялары, теориялык негиздеры жана изилдөө методдору докторанттарга мыкты негиз түзүп, университеттин бул региондогу алдыңкы ролун жана эл аралык таанымалдуулугун дүйнѳлүк стандарттарда билим берип, квалификациялуу социологдорду жана академиялык кызматкерлерди ѳстүрүп, келечектеги илимдин жана коомдун муктаждыктарына салым кошууну максат кылат.

PhD программасынын алкагында:

  • Дүйнөдөгү процесстерди жана кубулуштарды, аны менен катар ѳнүгүп жаткан социологиялык кѳз караштарды ѳзүнүн маданият аймагында да, Түрк дүйнѳсүнүн масштабы боюнча да түшүндүрүү жана чечмелѳѳ менен жаңы изилдөөлөрдүн жана ыкмалардын пайда болушу;
  • Кыргыз-Түрк Манас универитетинин Социология бѳлүмүнүн PhD программасында билим берген профессордук-академиялык курам илимий багыттары боюнча институционалдык жана жеке жүргүзүлгѳн долбоорлордо, изилдѳѳлѳрдѳ Түркиядан тартып башка ѳлкѳлѳрдѳ да жеке жана мамлекеттик сектордо кызматташышы;
  • Инновацияга / өнүгүүгө ачык жана сындай турган күчкө ээ, ѳзү жашап жаткан чөйрөгѳ жана өлкөгѳ, эл аралык көйгөйлөргө аяр мамиле жасаган, дүйнөлүк жана өлкөсүнѳ тиешелүү маселелерди интеллигент катарында караган, ачык жана жалпы ачык ой жүгүрткөн адистерди тарбиялоо;
  • Эл аралык билим берүү жана изилдөө стандарттарын көздөгөн, социалдык жана илимий өнүгүүлөрдүн алкагында коомдук муктаждыктарды эске алган жана ушул алкакта илимий маалыматты өндүрүүгө салым кошкон илимий долбоорлорду иштеп чыгууга жөндөмдүү; ушул максаттарга ылайык системалуу, аналитикалык жана критикалык ой жүгүртө алган, социологиялык билимди өндүрүү жана изилдөө үчүн зарыл болгон билимге, инструменттерге жана келечекке ээ болгон адитерди даярдоо;
  • Сапаттуу академиялык билимге артыкчылык берилип, ушул контекстте заманбап илимге жана технологиялык өнүгүүлөргѳ байкоо жүргүзгѳн, абдан билимге сугарылган, ар тараптуу маалыматтык инфраструктурага, теориялык жана практикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ адистерди даярдоо менен Кыргыз-Түрк Манас университетинин ѳнүгүүсү менен бирге Кыргызстанды, Түркияны  илимпоздор жана академиялык кызматкерлер муктаждыктарын канааттандыруу PhD программасынын жалпы максаттарын түзөт.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Социология бѳлүмүнүн PhD программасынын айрым илим изилдѳѳ багыттары тѳмѳнкүлѳр:

  • Үй-бүлѳнүн түзүлүшү жана ѳзгѳрүшү
  • Балдар, жаштар жана карылык
  • Маалымат-коом байланышы
  • Илим-коом байланышы
  • Окуу тарбия-коом байланышы
  • Кѳч феномени жана башкаруу   
  • Социалдык кызматтын процестери жана колдонмолору
  • Социалдык саясаттын колдонмолору
  • Маданият-цивилизация феномени жана байланыштары
  • Коомдук баалуулуктар, интеграция жана девиация
  • Жарандык коом жана уюмдар
  • Коомдук кыймылдар
  • Саясий ойлор жана кыймылдар
  • Медианын коомдук кѳз караштары жана натыйжалары
  • Маалыматтык технологиялардын коомдук көрүнүштөрү жана натыйжалары
  • Өндүрүш жана керектөө үлгүлөрү

Социология бѳлүмүнүн PhD программасын бүтүргѳндѳр жогоруда белгиленген багыттардын биринен адистикти алып чыгышат.

Социология боюнча магистр даражасына ээ болгондор үчүн PhD программасында окууга мүмкүнчүлүк берет. 

  1. Социология бѳлүмүнүн PhD программасында окутуу үчүн эки (2) дарскана, бир (4) семинар залы жана компьютердик лабораториясы бар Социология бѳлүмүнүн PhD программасында окугандар үчүн улуттук жана эл аралык деңгээлдеги илимий булактарга мүмкүнчүлүктѳрү бар. Бул мүмкүнчүлүктѳр Кыргыз-Түрк Манас универитетинин Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын маалымат базасынан бекер берилет. Кыргызстан-Түркия Манас университетиндеги ар башка 8 китепкана жана окуу залында миңдеген басылмалар докторанттарга акысыз берилет.
  2. PhD программасында окутуу – учурда толук ставкалуу 3 профессор, 1 доцент, 3 доценттин милдетин аткаруучу, илимдин кандидаттары болуп, жалпы 7 профессордук-окутуучулук курам адистиктери боюнча иш жүргүзүп жатышат. Профессордук-окутуучулук курам өз чөйрөсүндөгү изилдөөчүлөр менен ар дайым кызматташып, чет өлкөлөрдөгү илимий иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып турушат. Кыргыз-Түрк Манас университетинин Социология бѳлүмүнѳ келген үч профессор Түркиянын абройлуу университеттеринен келген жана ар бири ѳз тармактарындагы мыкты илимпоздор. Социология бѳлүмүндѳ ар жылы Түркиядан 3тѳн кем эмес изилдѳѳчү иштейт.
  3. PhD программасы ѳнѳктѳштѳрдүн пикирин дагы эске алуу менен илимий жактан ѳнүгүүгѳ жана жаңылыктарга ачык болуп, дайыма жаңыланып турат.

Социология бѳлүмүнүн PhD программасына адистик багыттары тѳмѳнкүлѳр:

  • Жалпы социология жана методология
  • Коодук түзүлүш жана ѳзгѳрүүлѳр
  • Уюмдардын социологиясы
  • Колдонмо социологи