БИЛИМ БАГЫТЫ:  531000 ФИЛОЛОГИЯ»

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯ

  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология багыты боюнча докторантура программасынын миссиясы – докторанттарыбыздын билим алуусунда жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүүсүндө үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү жетекчиликке алуу менен заманбап жана керектүү билим, маалымат жана ыкмаларды үйрөнүүсүн камсыз кылуу; түркология тармагында керектүү көндүмдөргө жана компененттүүлүккө ээ болуусун күчтөндүрүү; стратегиялык жана тутумдук ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнө ээ адис болуусуна жардам берүү; өз алдынча илимий изилдөө жүргүзүүнү, үйрөнүүнү үйрөтүү, этика жана коомдук жоопкерчилик баалуулуктарына ээ болуусуна жардам берүү.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология багыты жалгыз гана түркология тармагы менен чектелбестен, ар кандай дисциплиналар аралык темаларды камтыган көз караш менен практикага багытталган жана фундаменталдык изилдөөлөр аркылуу улуттук жана эл аралык деӊгээлде билимге салым кошууну максат кылат.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология багыты боюнча докторантура программасында билим берген профессордук-окутуучулук курам, академиялык адистик багыттары боюнча институционалдык жана жеке деңгээлдерде жүзөгө ашырылган долбоорлор аркылуу илимий түркология тармагында да, ошондой эле, Түрк дүйнөсүнө багытталган практикалык иш-чараларда да салым кошууну максат кылат. 

МАКСАТ

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология багыты боюнча докторантура программасы, өз багыты боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университети алган жол баштоочулук ролду жана анын эл аралык деӊгээлде таанылышын илимий изилдөө жана билим берүүдөгү заманбап өнүгүүлөрдүн негизинде улантуу аркылуу алгалатып, келечектин квалификациялуу түркологдорун даярдоодо, илимге жана коомдук өнүгүүгө, Түрк дүйнөсүнө жана маданиятына салым кошууну максат кылат. 

Университеттин уставына ылайык Түркиянын жогорку окуу жайларында иштеген жана өз багытында адистешкен окумуштуулардын бөлүмүбүзгө беш жылдан кем эмес убакытка  дайындалышы максаттарыбызды ишке ашырууга чоӊ салым кошууда.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Түркология багытынын докторантура программасындагы айрым илимий изилдөө тармактары төмөнкүлөр:

  • Тил илими
  • Адабият таануу
  • Тарыхый түрк тилдери жана адабияттары
  • Азыркы түрк тилдери жана адабияттары
  • Байыркы түрк тили
  • Элдик оозеки адабият
  • Фольклористика
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Түрк тили жана адабияты

Түркология багыты боюнча докторантура программасынын бүтүрүүчүлөрү жогоруда белгиленген багыттардын бири боюнча адис болушат.

Түркология багыты кыргыз тили жана адабияты, түрк тили жана адабияты, азыркы түрк тилдери жана адабияттары, байыркы түрк тилдери жана адабияттары тармактарында билим алган жана магистр же адис даражасына ээ студенттер үчүн докторантурада билимин улантуу мүмкүнчүлүгүн берет.

  1. Докторантура программасын жүзөгө ашырууда алты (2) аудитория, эки (4) семинар залы, компьютердик лаборатория бар. Түркология багыты боюнча билим алып жаткан докторанттардын улуттук жана эл аралык илимий булактарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн Орто Азиянын эӊ ири булактарына жетүү мүмкүнчүлүгү болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин маалымат базасы Китепкана башкармалыгы тарабынан бардык студенттерге акысыз кызмат көрсөтөт.  Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин борбордук жана башка аймактардагы үч башка китепканасы миӊдеген басылмаларды студенттерге акысыз түрдө сунулат.
  2. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин базасында курулган Түрк цивилизациясын изилдөө борбору жана Салттуу оюндарды жана спорт түрлөрүн изилдөө борбору сыяктуу илимий изилдөө борборлору аркылуу түркология тармагында долбоор жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.
  3. Докторантура программасындагы окутуу иштери учурда толук ставкадагы үч (3) профессор, эки (2) доцент, үч (3) доценттин милдетин аткаруучу жана эки (2) ага окутуучу курамынан турган, өз багыттарында адис болгон сегиз он (10) окутуучу тарабынан жүргүзүлүүдө. Аталган окутуучулардын баары толук ставкадагы окутуучулар болуп саналат. Бул окутуучулардын кээ бирлери докторантураларын чет өлкөлөрдө аякташкан. Бардык окутуучулар өз багыттарында адистешкен изилдөөчүлөр менен дайыма чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт жана илимий иш-чараларга катышышат. Үч (3) окутуучу Түркиянын кадыр барктуу университеттеринен бөлүмүбүзгө кеминде беш (5) жылга дайындалган түркологиянын ар кандай багыттарында адистешкен илимпоздор. Түркология багытында жыл сайын Түркиядан келген эӊ аз үч (3) изилдөөчү милдет аткарат.
  4. Докторантура программасы, илимий жаӊылыктарга жана инновацияларга ылайык кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин эске алуу менен дайыма жаӊыланып турат.
  5. багыты боюнча докторантура программасынын айрым илимий багыттары төмөнкүлөр:
  • Тил илими
  • Адабият таануу
  • Тарыхый түрк тилдери жана адабияттары
  • Азыркы түрк тилдери жана адабияттары
  • Байыркы түрк тили
  • Элдик оозеки адабият
  • Фольклористика
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Түрк тили жана адабият