Кыргыз-Түрк Манас университетинде Кыргызстандан тышкаркы мамлекеттерден келген студенттер 1,2,3 жана 4- семестрде жалпы 8 кредиттик орус тили сабактарын милдеттүү түрдө окушат. Студенттер университетке келип катталгандан кийин, эгерде орус тилин окуп-үйрөнүүнү кааласа, тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына катышат жана орус тилин кайсы деңгээлден баштай тургандыгы аныкталат. Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагында сабактардын кредити аныкталуу менен, студенттердин документтерине жазылат. Чет тили катары милдеттүү түрдө окутулуучу сабактарды окуп жаткан студенттер өз каалоосу менен Адистик боюнча чет тили аттуу тандама сабактарга катышып, орус тилин үйрөнө алышат.

RSÇ 003 Rusça I

Пикир алышуу ишмердүүлүнүн бардык түрлөрү боюнча студенттердин коммуникативдик  жөндөмдүлүүгүн өстүрүү. Окуп түшүнүү, жазуу, оозеки сүйлөшүү жана угуп түшүнүү сыяктуу коммуникативдик ишмердүүлүктүн түрлөрүн  өздөштүрүүнүн жана колдоно билүүнүн алгачкы этабын  өнүктүрүү, калыптандыруу .   

RSÇ 004 Rusça II

Тил үйрөтүүнүн баштапкы баскычында пикир алышуу ишмердүүлүнүн (окуп түшүнүү, жазуу,оозеки сүйлөшүү, угуп түшүнүү) бардык түрлөрү боюнча студенттердин коммуникативдик  жөндөмдүлүүгүн өстүрүү .Студенттер тарабынан күндөлүк турмушта керектелүүчү тилдик каражаттарды  пайдалануу үчүн лексикалык, грамматикалык жаатта билим берүү.

RSÇ 101 Rusça III

Кеп ишмердүүлүгүнүн окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, жазуу, оозеки пикир алышуу түрлөрү   боюнча студенттердин коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү . Пикир алышуу үчүн керек болгон лексика жана грамматика боюнча базалык билим алуу менен бирге көркөм чыгарманы,  публицистиканы окуп, угуп түшүнүү.

RSÇ 102 Rusça IV

Пикир алышуу ишмердүүлүнүн окуп түшүнүү, жазуу,оозеки сүйлөшүү, угуп түшүнүү сияктуу бардык түрлөрү боюнча студенттердин коммуникативдик  жөндөмдүлүүгүн өстүрүү. Студенттер тарабынан күнүмдүк жана кесипкөйлүк чөйрөдө, ошондой эле публиицистиканы, көркөм чыгарманы окуп – угуп түшүнүү үчүн лексика, синтаксист жана грамматика жаатындагы билимди өздөштүрүү.