2021-11-18
Жыл сайын өткөрүлүүчү Spelling Bee жарышы 12-ноябрь 2021-жылы башкы имараттын конференц-залында өткөрүлду. Ал чет тилдер жогорку мектебинин, тил үйрөтүү бөлүмүнүн, англис тили координаторлугу тарабынан уюштурулган.
Гуманитардык факультеттин деканы, профессор Ахмет Беше конкурстун башкы судьясы катары чакырылган. Башка чакырылган судьялар болуп Алтынай Токтоматова жана Зарина Жайлообаева болду.
Атаандаштар өздөрүнүн күчтүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, бир нече чыңалган раунддардан кийин Бегайым Маматова 1-орунду, Эльзана Касымова 2-орунду, ал эми Зарина Токтахунова 3-орунду ээледи. Биз студенттерибизди бул жетишкендиги менен куттуктайбыз, аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.