2022-06-03


Англисче жарыш


2022-жылдын 2-июнунда Англис тили координаторлугунун студенттери арасында жыл сайын өтүүчү КВН программасы болуп ɵттү. Программанын коноктору чет тилдер жогорку мектебинин директору Реджеп Йүрүмез, директордун орун басары Салия Вайсканова жана башка чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары жана биздин сүйүктүү студенттер болушту. Ал эми калыстар тобу катары Оксфорд борборунун кесиптик өнүгүү боюнча эл аралык машыктыруучусу Аида Ишенбаева, ошондой эле котормо бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.к. Нургүл Карыбекова жана чет тилдер бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.к. Рахат Алишева чакырылган.

Программада студенттер Friends, Wizards, TNT, Polaris аттуу 4 командага бɵлүнүп,  Group Presentation, Song, Tongue Twister reciting жана Sketch сыяктуу 4 категория боюнча жарышышты. Студенттер ар кандай багытта өз жөндөмдөрүн көрсөтүп, кɵрүүчүлɵрдү ɵз таланттары менен таң калтырышты.  Бул кызыктуу иш-чара баарына унутулгус сезимдерди, тамашаларды, ырларды жана бийлерди тартуулады.

Программанын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды, ал эми 4 категориянын жеңүүчүлөрүнɵ сертификаттар жана байгелер берилди.

Бул иш-чараны уюштурган комиссия мүчɵлɵрү  Бермет Саадакова жана Айгүл Элебаевага, ошондой эле биздин сүйүктүү студенттерибизге активдүү катышкандыгы жана кɵрүүчүлɵргɵ позитивдуу эмоцияларды тартуулаганы  үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.