2020-03-03


Окутуучуларыбыз сыйланды


2020-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан мамлекеттик тилди жайылтууда, өнүктүрүүдө өтөгөн эмгеги үчүн координаторлугубуздун окутуучулары Венера Туратбек кызы, Аскатбек Мамадиев Улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен, ал эми ф.и.к. Анара Йүрүмез “Ардак грамотасы” менен сыйланды. Сыйлыкты аталган комиссиянын төрагасы, п.и.к. Назаркул Ишекеев өзү тапшырып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, сыйлык ээлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.

Биз да сыйлык ээлерин куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз!