2023-03-10

“ТҮРК ТИЛИН ЧЕТ ТИЛ КАТАРЫ ҮЙРѲТҮҮДѲ ОЮНДАРДЫ КОЛДОНУУ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ


6-мартта 2023-жылы Чет тилдер жогорку мектебинде «Түрк тилин чет тил катары үйрѳтүүдѳ оюндарды колдонуу» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда тил үйрѳтүүгѳ ылайыктуу оюндардын колдонулушу, ошону менен бирге билим берүүчү, тарбиялык маанидеги оюндар ыкма катары чет тилин окутууда жана түрк тилин чет тили катары  окутууда колдонулушуна басым жасалды.

            Эмине Нур Ата Калын тарабынан ѳткѳрүлгѳн семинарда түрк тилин чет тили катары үйрөтүүдө  оюндардын колдонулушу боюнча, оюндардын тандалышы жана оюнда эске алынуучу шарттар боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинде изилдөөлөр жүргүзүлүшү пландалууда. Сабактарда окутуучу тарабынан колдонула турган оюндардын үлгүлѳрү жана билим берүүчү оюндарды тандоодо жардам бере турган адабияттар тууралуу маалымат берилди. Семинар катышуучулардын суроолору, идеялары жана сунуштары менен аяктады.