2023-03-22

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ТИЛДЕР ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ "ЧАНАККАЛЕ СОГУШУНДАГЫ ЖЕҢИШТИ" ЭСКЕРҮҮ САЛТЫ УЛАНУУДА.


Улуу тарыхыбыздын эң маанилүү күндөрүнүн бири болгон 18-март "Чанаккале жеңишинин" жылдыгы өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдөгү бардык түрк өкүлчүлүктөрдө  белгиленүүдө. 18-март согуштун шейиттерин эскерүү күнү жана Чанаккале согушундагы деңиз жеңишинин 108-жылдыгынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин группаларында жыл сайын өткөрүлүүчү эскерүү күндүн маанисин жана маанилүүлүгүн түшүндүргөн кино жана даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Мугалимдерибиз группаларында уюштурган программаларында «Чанаккале рухун» сүрөттөгөн жана жандуу докладдардан кийин «18-Март Чанаккале жеңиши жана шейиттер күнүнө» арналган даректүү тасма жана кино көрүү иш-чараларына орун беришти. 17-март жума күнү даярдоо курстарында өткөрүлгөн бул иш-чараларда Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон Чанаккалени коргогон бардык баатырларыбыз урмат, ыраазычылык жана ырайымдуулук менен эскерилди.